Азербайжан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Азербайжан
56-сап:
}}
 
'''Азербайжан Республикасы.'''
Азия менен
Европа аралыгында, Чыгыш Кавказда жайгашкан
мамлекет. Ал түндүгүнөн Россия
менен  Дагестан Республикасы аркылуу, түштүгүнөн
Иран менен, Батышта Армения менен чектешет. Анын анклавы Нахчыван
автономиялык Республикасы түштүктө
Иран менен, чыгышта жана түндүктө Армения
менен, батышта Түркия менен чектешет.
 
Кыскача баяндама
 
'''''Негизги
мыйзамы'''''– ''1995 жылы 12 ноябрда''  кабылданган  Конституция. Мемлекет башчысы-президент. Мыйзам
чыгаруучу жогорку органы – турактуу парламент (''125 депутаттан турат'').
Аткаруучу бийликтин органы –Министрлер кабинети, аны премьер-министр башкарат.
Азербайжан түндүгүндө Россия менен, түндүк-батышында Грузия менен, түштүк-батышында
Армения жана Түркия менен, түштүгүндө Иран менен, чыгышында Каспий деңизи аркылуу
Казахстан менен чектешет. Аймагы ''86,6 миң км², калкы 9,5 млн. адам''. '''''Борбору'''''–Баку
шаары. Калкынык 83%-ы азербайжандыктар.'''''Мемлекеттик тили''''' –Азербайжан
тили. Калкы негизинен ислам динин тутат.
 
Ээлеген аймагы
 
Азербайжандын
көпчүлүк бөлүгүн Кавказ тоолору,Карабак жанар тоолору жана
Талыш тоолору алып жүрөт. Эң бийик жери - Базардүрү (''4466 м'').
Климаты жумшак жана субтропикалык. Декабрь айынын орточо температурасы ойдуң жерлерде
0<sup>0</sup>С-тан 3<sup>0</sup>С-ка чейин, июнь айынын орточо температурасы 25
– 27<sup>0</sup>С. Жаан-чачындын орточо өлчөмү тоо этектеринде 200 мм,
тоо-бетинде 1400 мм, ал Ленкоран ойдуңунда 1700 мм-ге жетет. Ири суулары Кура жана
Аракс. Эң чоң көлдөрү Гаджикабул жана Беюкшор. Ойдуңда чөл ээлейт жана қургак талаа
өсүмдүктөрү өсөт, тоолу жерлерде  кыска
жалбырактуу токойлор басым жасайт.
 
Азербайжан
жеринде адамдар таш доорунда эле отурукташа баштаган. Алгачкы  мамлекеттик түзүлүш Түштүк Азербайжанда өмүр
сүргөн мамлюктардын, кийинчерээк  ушул
аймакта отурукташкан лидиялыктардын тайпалык чордондорунун негизинде курулду. Биздин
заманыбыздан мурунку 1-миңжылдыкта Азербайжан жеринде кадусилер, каспилер,
албандар ж.б. жайгашкан. Биздин заманыбызга чейин 9-кылымда Маннада қул ээлечү
мамлекет, биздин заманыбызга чейин 7-кылымдын 70-жылдары Мидия мемлекети курулуп,
анын курамына Азербайжандын, кийинчерээк Антропатена аталган Кичи Мидия
облустары да кирди. Бул мемлекет 150 жылга чейин өмүр сүрдү. Кийин Антропатена
сөзүнөн азыркы '''''«Азербайжан»''''' (''грекче, сөзмө-сөз
которгондо «от сактоочулар эли»'') деген аттан чыкты.
 
Тарыхы
 
Биздин
заманыбызга чейин ''3 – 2 кылымдарда'' Азербайжандын түндүк бөлүгү
менен Дагестан  жагында Албания  мемлекети пайда болду. Биздин
заманыбыздын ''4- кылымында'' Рим империясы  менен Иран арасындагы
согуштун кесепетинен Албания Ирандын кол астына өтөт. ''8-кылымдын башында''
арабтар Азербайжанды түгөл багындырып, ислам динин таратты. ''9-кылымдын
башында'' Азербайжан менен Иранда арабтар менен жергиликтүү башчыларга
каршы Бабек баштаган согуш ''20 жылга созулду. 11-кылымдын ортосунда'' Азербайжанды
сельчуктар басып алды. Азербайжан калкы негизинен ''11 – 13 кылымдарда'' түрк
кагандыгынын курамына кирди. ''13-кылымдын  30-жылдарында'' Азербайжанды жана
көчмөн элдерди моңголдор жоолап алып, Хулагу бийлеген мемлекет курулды. ''16-кылымдын
башында'' Азербайжан жеринде Сефеви элдеринин мемлекети орноду. ''16-кылымдын  соңуна карай'' Азербайжандын түндүгү
менен түштүгүндө бүт жерди түрктөр басып алды. ''17-кылымдын 30-жылдарынын'' аягында
Азербайжан Ирандын кол астына карады. ''1723 – 35 жылдары'' Азербайжандын
Каспий  деңизинин аймактарын Орустар
басып алды. ''1805 – 13 жылдары жана 1826 – 28 жылдары'' орус-иран
согуштарынын жүрүшүндө Түндүн Азербайжан Россияга кошулду. ''1917-жылы ноябрда'' Азербайжанда
Кеңеш өкмөтү орноду. ''1922- жылы 30 декабрда'' Азербайжан Кавказ
Федеративдик Кеңеш Республикасы(КФКР), ''1936-жылы'' КСРОнун қурамына
кирди. Кеңеш  курамында болгон кезинде  кээбир  
кайчылаштыктарга  карабастан
Азербайжандын экономикалык жана маданий өнүүсү жүзөгө ашты. ''1991- жылы
30 августта'' Азербайжандын Жогорку Кеңеши 1918- жылкы Шарттын негизинде
мемлекеттик көз карандысыздыкты калпына келтирүү жөнүндө Декларация, ''1991-жылы
18-сентябрда''  '''''«Азербайжан Республикасынын мемлекеттик көз
карандысыздык жөнүндө»''''' Конституциялык шарт кабылданды. Эгемендүү
мемлекет иретинде Кыргызстан Республикасы менен ''1992- жылы 27 августта''
дипломатиялык карым-катнаш орнотту.
 
Айыл чарбачылыгы
 
Айыл
чарбачылыгы
 
Азербайжан индустриялдуу жана айыл чарбачылыгы өнүккөн
эл. Жери муңай менен табигый газга бай. Сапаты жогору темир кендери, алюминий чийки
заты, хром, молибден, кобальт, алтын, күкүрт колчеданы жана ар түрдүү курулуш материалдары, полиметалл кендери
менен эмдик минерал суу булактары бар. Муңай-газ, машина жасоо жана металл өндүрүү, химия жана муңай химиясы өнөржайлары маанилүү ролду аткарат. Азербайжанга жеңил өнөржайында  ар түрдүү маталар, тери жана булгаары буюмдарын, бут кийимдерин чыгагат. Айыл чарбачылыгында пахта,тамеки,ж.б өнүмдөрү жана мал чарбачылыгынын маңызы зор.Тамак
өнөржайында түрдүү шарап менен коньяк, консервалар, ун, тамеки, балык өнүмдөрүн
чыгарат.
 
Саясаты
 
Азербайжан
акимчилик жагынан 59 аймакка бөлүнөт,аны менен катар курамына Нахчыван
автономиялык Республикасы кирет. Нахчыван автономиялык Республикасынын элинин
негизги аймагы менен чек арасы жок, ал Армения менен Иран аралыгында орнолошкан.Кийинчерээк
элдин курамында болгон Тоолуу Карабак автономиялык облусу бир нече жылга
созулган улуттук араздыгынын негизинде (калкынын 87%-ы армяндар болгон) расмий
түрдө таратылды. Азыркы кезде Тоолуу Карабактын башчылары өз аймагын көз
карандысыз республика деп эсептейт. 2010-жылы Азербайжан аймагына 9,0
миллион адам турду, шаар калкынын үлүшү 52%-ды курат.
 
Калктын
орточо тыгыздыгы 99 адам, көбүнчө жагдайларда Ленкоран ойдуңунда калк
тыгыз конуштаган. Мамлекеттик тили –азербайжан тили.
 
Калкы
 
Азербайжан
— көп улуттуу эл, бирок соңку онжылдыкта орун алган улут араздыгы айынан
жергиликтүү эмес улут өкүлдөрү эл аймагынан конуш которууга мажбур болгон. Аны
менен катар Тоолуу Карабак маселесине байланыштуу Армения менен жаңжал
чиелешкен жылдары көптөгөн азербайжандар тарыхый мекенине  кайтты. Ошол себептүү азыркы кезде эл
калкынын улуттук курамында азербайжандардын үлүшү артып отурат. Алар калктын
82%-ын, орустар 6%-ын, армяндар 5%-дан ашканын қурайт. Элде Кавказ элдери
(лезгин, талыш, грузин, авар) менен түрк, күрд, татар, украин улуттарынын
өкүлдөрү да турат. Негизинен, азербайжан (мемлекеттик тил), орус жана түрк
тилдери басым таралган.Динге ишенүүчүлөр арасында мусулмандар басым,
ошондой эле-христиан дининин православие тармагынын өкүлдөрү де көп.
 
Климаты
 
Климаты
жумшак жана субтропикалык. Июнь айының орточо температурасы ойдуң жерлерде 0<sup>0</sup>С-тан
3<sup>0</sup>С-ка чейин, кыштын орточо температурасы 25 – 27<sup>0</sup>С. Жаан-чачындын
орточо өлчемү тоо этектеринде 200 мм, тоо-бетинде 1400 мм, ал Ленкоран ойдуңтунда
1700 мм-ге жетет. Ири суулары Кура жана Аракс. Эң чоң көлдөрү Гаджикабул
жана Беюкшор. Ойдуңда чөл ээлейт жана қургак талаа өсүмдүктөрү өсөт, тоолу
жерлерде  кыка жалбырактуу токойлор басым
жасайт.
 
'''Машина куруу'''
 
Машина куруу тармагы,
эң алды менен, отун-энергетикасы менен аныкталат. Элдин машина
 
куруу өнөржайында
социалисстик  доорунан бери  муңай менен газ өндүрүүгө кажеттүү
курал-
 
жабдыктар (эң алды менен,
бургулоо аспаптары) жасалат. Кезинде прибор жасоо,
 
электр куралдары менен 
радиотехника өндүрүшү азыркы кезде терең модернизацияны
 
башынан кечирүүдө.
 
'''Транспорт'''
 
Транспорт тармагыда темир жолунун үлүшү чоң.
Элдеги темиржолдун жалпы узундугу — 1800
 
км, ал 1000 км<sup>2</sup> аймакка
чыккандагы тыгыздыгы 24,5 км-ди түзөт. Азербайжан аймагы аркылуу
 
Россияны Иран менен
байланыштырган калк аралык темиржол өтөт. Жүк айланымы жагынан
 
2-орунду деңиз
транспорту алат.Баку-Түркбашы(мурунку Красноводск) аралыгындагы
 
паром аркылуу Орто
Азия мемлекеттери менен карым-катнаш жүзөгө ашырылат. Жүк менен
 
жол ташымалында таш
жолдардын да үлүшү айтарлыктай. Элде 1000 км<sup>2</sup> аймакка
 
жакын таш жолдордун
тыгыздыгы 264 км, бул көрсөткүч боюнча Азербайжан СНГ элдери
 
арасында Грузия менен
Молдовадан кийинки 3-орунду алат.
 
Экономикасы
 
Азербайжан
Республикасынын сырткы экономикалык байланыштарында узак жылдар бою Россия
жетекчи орун алып келген . 1995-жылдан бери Ирандын үлүшү көбөйдү. Түркменстан
жана Украина менен сырткы соода 
көлөмү де көбөйүүдө. Азербайжан импортунда азык-түлүк өнүмдөрү (65%)
башкы орун алат, ал экспортунда энергетикалык чийки зат басым. Жалпы алганда, импорт көлөмү (1007 млн
доллар) экспорттон (606 миллион доллары) ашып түшөт. Кыргызстан менен Азербайжандын сыртқы соодасынын жалпы көлөмү 303 миллион АКШ долларын құрайт.
 
 
 
'''Азербайжан''' - [[Кавказ|Кавказда]] жайғашқан [[Көзқарандысыз Мамлекеттер Шериктештиги|Көзқарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине]] мүчө мамлекет. Борбору - [[Баку]] қалаасы.Учурда [[Кыргызстандагы Азербайжандар]]дын саны 20 миңдей. Саны бир кемип, кайра көбөйүп отурган улут өкүлдөрү. Басымдуу жамаатташып Бишкек жана анын тегерегинде, Чүй облусунда, Ош облусунда жашашат, башка аймактарда аз-аздан кездешет. Көбү бир канча жолку депортация толкуну менен келип калгандардын тукуму. Тарыхый мекенинен амалсыз айрылгандардын алгачкылары - 400дөй азербайжан 1930-жылдары келип, Чүй облусундагы айылдарга жайгаштырылган. 1933-жылы кулакка тартылган 10 миң адам Казакстандын Моюнкумуна айдалып, эки жыл ичинде сууктан, ачкалыктан, келте ж.б. ырайымсыз оорудан 7 миңдейи набыт болуп, аман калган араң жан 3 миң адам Кыргызстанга Кара-Балтага алып келинген да, Чүйдөгү Кант, Сокулукка бөлүштүрүлгөн. 1937-жылы "Түркия жана Ирандын кызыкчылыгына тыңчылык кылуу" жалган жалаасы менен азербайжан улутунан кырктай адам атууга кетип, канча бири түрмөгө кесилген. 1944-жылы Грузиядан депортация болгон месхет түрктөрү менен катар көчүрүлгөн азербайжандар (2 миңдей) Оштун Араван, Ноокат, Кара-Суу райондоруна чачылган. 60-жылдары Кыргызстанга өз ыктыяры жана партиялык тапшырма менен келген азербайжандар болгон, 80-жылдары Тоолуу Карабах маселеси боюнча Армения менен болгон кагылыштан качкан эки жүздөй үй-бүлө биздин жерден башпаанек тапкан…
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Азербайжан" булагынан алынды