Абхаз тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

29 май 2015, саат 11:36 учурдагы нуска

Абхаз тили абхаз элинин тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин абхаз-адыгей тобуна кирет. Эки диалектиге (абжуй, бзыбь) бөлүнөт. Адабий тили абжуй диалектисинин негизинде калыптанган. 1862-ж. П. К. Услар орус графикасынын негизинде туңгуч абхаз алфавитин иштеп чыккан жана абхаз тилинин адабий формасы ошол мезгилден тартып калыптана баштаган. Латын графикасынын негизинде 1928-ж. жазмасы иштелип чыккан, 1938-ж. ал грузин графикасына, ал эми 1954-ж. орус графикасына которулган.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1