Австрия-Түркия согуштары (16-18-кылым): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Австрия-Түркия согуштары (16-18-кылым)''' - 16-кылымдын 20-жылдарынан негизинен Балкан жарым аралынын түндүк бөлүгү жана Венгрия Королдугунун аймагы үчүн австриялык Габсбургдар менен Осмон империясынын ортосунда күрөш жүргөн. 1521-ж. түрктөр Венгрияга жортуул жасап Белградды ээлейт, кийинчерээк венгриялык-чехиялык армияны талкалайт (29-август 1526). 1532-33, 1540-47, 1551-62, 1566-68, 1660-64-ж. Австрия-Түркия согуштарынын жыйынтыгы [[Австрия]] менен [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] Венгрия Королдугунун аймагын бөлүштүрүп алуу менен аяктаган. 1683-99-ж. согуш Түркиянын аскерлеринин Австрияны басып кирүүсү, Венаны курчоосу менен (1683) башталып, түрктөргө каршы түзүлгөн коалициянын (Австрия, Польша, Венеция, 1686-ж. Россия) аскерлеринен жеңилген жана Европадагы ири аймактарынан айрылган. Ушундан соң түрктөр Борбордук Европадан чегинген. 1737-39, 1788-90-ж. Австрия-Түркия жана 1735-39, 1787-91-ж. орус-түрк согуштарында Россия тарапта катышкан Австрия жеңилип калган соң, Осмон империясына Сербиянын жана Валахиянын айрым бөлүктөрүн кайтарып берген.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Тарых]]
[[Категория:Австрия]]
[[Категория:Түркия]]