Адабият тарыхы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Адабият тарыхы''' - [[Адабият|адабият]] илиминин курамдык бөлүгү. Адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм адабияттын жаралыш жана өнүгүш процессин, андагы [[Стиль|стилдер]] менен багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, ошондой эле айрым [[Жазуучу|жазуучулардын]] жекече [[Чыгармачылык|чыгармачылык]] өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин терең үйрөнүп, ушул өсүш процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, [[Монография|монографиялык эмгектерди]], жазуучулардын жеке чыгармачылыктарын үйрөнүү жана тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, [[Жанр|жанрдын]] калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү адабият тарыхынын изилдөө объектисине кирет. Адабият тарыхы боюнча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мисалы, «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мисалы, С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыгармачылына (мисалы, Ш. Үмөталиев. «[[Осмонов, Алыкул|А. Осмонов]]. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. Адабият тарыхы тигил же бул конкреттүү [[Адабий процесс|адабий процессти]], изилдөөдө адабият теориясынын принциптерине негизденет жана адабий материалды кароодо [[Адабий сын|адабий сындын]] жыйынтыктарын эске алат.
==Колдонулган адабияттар==
*
Line 10 ⟶ 9:
[[Категория: Кыргыз адабияты]]
[[Category: Филология ]]
|