Асанов, Үсөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Usen Asanov 1987.jpg|thumbnail|Үсөн Асанович Асанов, академик, Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) ректору, химия илимдеринин доктору, профессор. 1987-жыл. ]]

Acaнов Үсөн (26. 1. 1934ж. т., Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы) физик-химик, химия илимдеринин доктору (1977), профессор (1980), КР УИАнын академиги (1987, корр.мүчө 1983), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1979), СССРдин ойлоп табуучусу, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2000). КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Д. И. Менделеев атындагы МХТИни (1956), СССР ИАнын физика-химия институнун асппрантурасын (1967) бүтүргөн. 1956-87-ж. Кыргыз ССР ИАнын орг. эмес ж-а физ. химия ин-тунда кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орунбасары, 1987-93-ж. КМУнун ректору болуп иштеген. 1993-2005-ж. КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (1996-жылдан Улуттук аттестациялык компссия) төрагасы, ошол эле учурда (2002-жылдан) Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редактору. Химия жана химиялык технология боюнча илимий иштерди жүргүзгөн.
'''Үсөн Асанович Асанов''' (орусча - Усен Асанович Асанов; латынча Usen Asanov) (1934-жылы 26-январда туулган) - [[Кыргыздар|кыргыздын]] белгилүү химик окумуштуусу, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын [[Академик|академиги]], [[профессор]] (1980), химия илимдеринин доктору (1977), ондогон илимий ойлоп табуулардын автору, кыргыз улуттук энциклопедиясын өнүктүрүүчүлөрдүн бири.
Илимий ишинин негизги багыты - электр разрядындагы химиялык процесстердп изилдөө.

Ал учкун разряддарын пайдаланып, химиялык синтездпн (карбиддер, сульфиддер, кычкылтектер ж. б.) жаңы методдорун негпздеген. Бул жааттагы иштеп чыгуулары 50дөн ашуун автордук күбөлүк жана патенттер менен күбөлөндүрүп, алардын көбү өндүрүшкө киргизилген. Анын ойлоп табуучулук ишмердиги жогору бааланып, Эл аралык ойлоп табуучулардын алтын медалына татыктуу болгон (Женева, 2003). Асанов - 300дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 12 монография, жогорку окуу жайлары үчүн 7 окуу кптебп), 51 ойлоп табуунун автору. Анын жетекчилиги менен «Кто есть кто в Кыргызской науке» (1997), «Наука Кыргызстана в лицах» (2002), «Наука Кыргызстана в зеркале диссертационных исследований» (2003), «Химия» (1997) ж. б. 20дан ашык тармак энциклопедиялары жарык көргөн. Эл аралык «Руханият», ошондой эле Ж. Баласагун, И. Арабаев атындагы сыйлыктардын лауреаты. КРнын Жогорку Кеңешинин «легендардуу» парламент депутаты (1989-94). Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы ж. б. менен сыйланган. Нарын шаарындагы өзү окуган орто мектеп-лицейге ысмы ыйгарылган (2004).

==Кыскача өмүр таржымакалы==

1934-жылы үчтүн айынын (январдын) 26сында [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Нарын облусу|Нарын облусуна]] караштуу [[Нарын району|Нарын районундагы]] (Борбордук Теңир-Тоодогу) Эмгекчил айылында туулган.

===Бала чагы===

Теңир-тоолук кыргыздардан чыккан Асан ата 1934-жылы 26-январда дагы бир перзенттүү болду.

Жаңы төрөлгөн бала Асан атанын экинчи уулу эле. Атын, өзүнө жан жолдош болуп, медери арткан кайрымдуу жан болоор бекен деген үмүт менен, адатта эгиз балдарга коюлчу аттын бирөөнү тандап, Үсөн деп ат койдурат.

Аниса эне да, атасы менен ага-инидей эриш аркак болуп, атасынын жеңилин жерден, оорун колдон алып, тың оокат кылып кетишсе деген жакшы тилек менен коюлган атты жактырып, аябай кубанычта болот.

Асан ата Нарындагы чакан "Үч-Чат" колхозунун башкармалыгына шайланып, көп жыл эмгектенген, кийин башкармалыкты өткөзүп берип, адегенде жылкычы, кийин чабандык кесипте өмүрүн өткөргөн киши болгон.

Үсөн абасы таза, суусу тунук Теңиртоонун арасында, Солтонсары сыяктуу жайлоолордо, кышкысын ак кар, көк муздуу айылда чоңойду.

Жашынан атка жеңил, тайга чак, төрт түлүк мал менен аралашып жүрүп, дени сак, чыйрак бала болду. Ошентип, окуу жашына келип, мектепке бара турган мезгил да келди. Ал кезде бүт Нарын өрөөнүндө эки-үч эле орто, анан жети жылдык, көпчүлүк айылдарда башталгыч гана мектептер болгон.

Үсөн да 4-классты өз айлындагы башталгыч мектептен окуп аяктагандан кийин, 5-классты башка айылдан улантууга туура келди. Ал айыл 10 чакты километр алыстыкта эле. Андагы жети жылдык мектепти аяктады.

===Жетилген курак===

Атасы Үсөндү Нарын шаарына алып барып, оболу Нарын педагогикалык окуу жайына өткөзөт. Мүмкүн атасы келечекте баласы мугалим болуп, көптөгөн балдарды билимдүү кылсын дегендир же бул жерде жатаканасы бар жана тамак-аш, кийим да берерин ойлогондур.

Бирок, Үсөн бул жерден бир айча гана окуп, шаардагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин 8-классына өтүп алат.

Анын да окуясы бар: Үсөн мурда эч жерден тил укпаган, уялчак, бирок өзүнүн оюн бербеген намыскөй бала эле. Бир күнү математика сабагында эжейи доскага чыгарып калат. Үсөн суроолорго жооп берип, эсепти такалбай чыгарат. Эжейи үй тапшырмаларынын конспектисин сурайт. Бирок дептеринде конспектиси жок, башка нерсе жазылган болот. Эжейи ачууланып, дептерди айрып, үстөл үстүнө ыргыттып, "эмки сабакта конспекти даяр болсун" деп эскертет. Мурда мындай кагуу жебеген, сабакты жакшы өздөштүргөн бир сырдуу бала көңүлү калып, дароо бул жерди таштап, башка жактан окууну чечет да мектепке өтүп кетет.

Үсөн, ошентип, Нарындагы № 1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин 8 "г" класстын окуучусу болуп калат.

Ал кезде "г" классы бул мектептеги төрт 8-класстын эң акыркысы болучу. Ал класс [[Нарын облусу|Нарын облусунун]] алыскы райондорунан келген балдардан куралган. Тигил үч класста шаардык балдар окушат. Алардын билим деңгели айылдан келгендердикине караганда бир кыйла жогору. Анын үстүнө алар өз үйлөрүндө жашашат, өздөрүн айылдыктардан маданияттуу сезишип, айылдыктарды көп теңине алышпайт.

Бирок, Үсөн "г" классында жакшы окугандардын катарында. Мындан да жакшы окууга аракет жасоого туура келди. Биринчиден, математика сабагынын мугалими Сейитбек Сыдыковдун сабакты ушунчалык жөнөкөй, түшүнүктүү жана кызыктуу өткөнү Үсөндүн агайын жакшы көрүү сезимин жаратып, математикага кызыгуусун арттырат. Математиканы кайра-кайра кайталап, эсептерди өз алдынча чыгара баштайт. Экинчиден, класска кийинчирээк келгендиктен балдарга анча кошулбай сабактарын жакшы окууга тырышып жүрөт эле, бир күнү кечинде жатакананын окуу бөлмөсүндө сабакка даярданып отурса, өзүнүн классташ кызы "агай" бул эсепти кандай чыгарат деп сурап калат. Үсөндү "агай" деген сөз апкартып, эсепти чыгарып кетери же кетпеси арсардыгына кооптонуп, бирок кудай жалгап чыгарып берет. Ал кыз башка күнү да ошентип суранат. Үсөн уят болбошу үчүн математиканы кайра-кайра окуп, көп нерселерге көнүгөт.

Бара-бара башка кыздар да кайрыла баштайт. Ал тургай балдар жардам сурашат. Үсөндүн кышкы каникулдан кийин бир күнү баягыдай кыздар-балдар чогулуп, Үсөн аларга математикадан кадимки мугалимдей түшүндүрүп жаткан. Балдар бири биринен сурашып, бирөө укса, бирөө укпай кыжы-кужу болуп жатты эле, анан бир убакта балдар тым-тырс болуп калат.

Үсөн эмне болду деп арт жагын караса, агайы келип, Үсөндүн кантип математиканы түшүндүрүп жатканын сыртынан байкап угуп туруптур. Ал киши мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы да болчу, ошондуктан кечинде интернаттын балдарын текшерип көп келер эле. Бул сапар да келип, кыжылдаган бөлмөгө кирсе керек.

"Азаматсың, улай бер" деп ийинден сылап, кайра чыгып кетет. Сүйүктүү агайынын, айрыкча классташтарынын көзүнчө "Азаматсың" деген сөзү ого бетер шердентип дагы жакшы окууга түрткү берет.

Ал тургай кийинчирээк агайы "а" классына котортуп коёт.

Бул дагы шаардык балдар менен тең тайлашып, керек болсо алардан да кыйыныраак окууга түрткү берген. Эми баягы теңсинбей жүргөн шаардык балдар-кыздар менен тең ата болуп калат.

Акыры Үсөн Асанов Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепти алтын медал менен аяктаган.

1956-жылы [[Москва|Москвадагы]] Д.Менделеев атындагы Москва химиялык-технологиялык институтун аяктаган.

===Илим жолундагы өмүр===

1967-жылы СССР Илимдер академиясынын физика-химия институтунун аспирантурасын аяктаган.

Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында органикалык эмес жана физикалык химия институтунда 1957-87-жылдары иштеген.
Мында илимий кызматкер, лаборатория башчысы, институт директорунун орун басары болуп иштеген.

1987-жылы демократиялык (атаандаштык) негизде Кыргыз Улуттук Университетинин ректордугуна шайланган. Анын тушунда бул университетке [[Жусуп Баласагын|Жусуп Баласагындын]] ысымы ыйгарылган (1992).

1993-жылы башка кызматка которулганга чейин [[Кыргыз улуттук университети]]нин ректору болгон.

Тарыхый [[Жогорку Кеңеш|Жогорку Кеңешке]] депутат болуп шайланып, парламенттеги демократиячыл канаттын өкүлү болгон (1989-1994).

1993-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз жогорку аттестация комиссиясынын (1996-жылдан - Кыргыз улуттук аттестация комиссиясынын) алгачкы төрагасы болуп иштеди.

Учурда (2002-жылдан тартып) Кыргыз энциклопедиясынын (мурдагы Кыргыз улуттук энциклопедиясынын) Башкы редакциясынын жетекчиси кызматын аркалап келет.

[[Файл:Usen-Asanov 1990-jyldar.jpg|thumbnail|left|Академик Үсөн Асанов, Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын жетекчиси. 1990-жж. Бишкек ш. ]]

==Илимий ишмердиги==

Академик Үсөн Асанович Асанов 500дөн ашуун илимий эмгек, анын ичинде 15тей илимий монография, 8 окуу китебин, 51 илимий ойлоп табууну жарыялаган.

==Коомдук ишмердиги==

Академик Үсөн Асанович Асанов [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] мамлекеттик эгемендигин жана көз карандысыздыгын жарыялаган "тарыхый" [[Жогорку Кеңеш|Жогорку Кеңештин]] депутаты болгон.

Ал демократиячыл, либералдык көз карашы менен айырмаланган коомдук ишмер. Ал коомдук турмуштагы айкындыкты, ачыктыкты колдойт.

[[Кыргыз тили|Кыргыз тилинин]] мамлекеттик макамын чыңдоо үчүн ал калемгер катары да, уюштургуч коомдук ишмер катары да салым кошуп келет.

[[Файл:Usen-Asanov at Azattyk exhibition in Bishkek. 17 May 2007.jpg|thumbnail|right|Академик Үсөн Асанов, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын Башкы редакциясынын жетекчиси, [[«Азаттык» үналгысы|"Азаттык" үналгысынын]] чыгармачыл жамаатынын китеп көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында сүйлөөдө. Кыргыз улуттук китепканасы, Бишкек шаары. 17.5.2007.]]

==Үй-бүлөсү==

Жубайы Тамара Байымбетова – физика-математика илимдеринин кандидаты, ардагер.

==Илимий эмгектери==
Балдары, неберелери бар.

==Сыйлыктары. Наамдары==

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (1987-ж.); Кыргыз Республикасынын инженердик (1992-ж.), Эл аралык инженердик (1994-ж.), Эл аралык экология, адам жана табият илимдери (1998-ж.), Эл аралык табият жана коом жөнүндө илимдер (1998-ж.), Нью-Йорк илимдер академияларынын академиги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1979-ж.), ССРдин ойлоп табуучусу (1983-ж.), Кыргыз Республикасынын илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери (1994-ж.), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын (2000-ж.), ошондой эле эл аралык "Руханият" (2003-ж.), Ж.Баласагын, И. Арабаев атындагы сыйлыктардын лауреаты, Женевадагы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун "Эң мыкты ойлоп табуучу" номинациясы боюнча берилүүчү Алтын медалынын ээси (2003-ж.).

[[СССР]] маалында “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен ойлоп табуучулугу, илимдеги салымдары үчүн сыйланган.

Эгемендик доорунда 3-даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы менен сыйланган.

Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000).

Нью-Йорк академиясынын анык мүчөсү.

Өзү окуган Нарын шаарындагы орто мектепке (азыркы лицейге) Ү.Асановдун ысымы ыйгарылган (2004-жыл).

==Айрым эмгектеринин тизмеси==

* Синтез соединений металлов в условиях низковольтного искрового разряда в жидких диэлектриках. – Фрунзе: Илим, 1978.

* Жалпы химия(авторлош). – Бишкек, 1997.

* Физикалык химия (авторлош) Б., 2000;
* Органикалык химия курсу (авторлош) Б., 2001.
* Физико-химические процессы в плазме искрового разряда создаваемого в жидких диэлектриках. Б., 2001.
* Энергонасыщенные среды в плазме искрового разряда Б., 2002.
* Аналитикалык химия. – Бишкек, 2004.

* Асанов У.А., Джуманазарова А.З., [[Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбетович|Чоротегин Т.К.]] Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4) [U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)]

==Ал тууралуу эмгектер==

* Перелистывая книги ученого, изобретателя, педагога, энциклопедиста: К 80-летию академика У.А.Асанова / Составители И.А.Ашымов, Т.К.Чоротегин, А.З.Жуманазарова, Г.У.Асанова. - Бишкек, 2013. - 376 стр., илл. - ISBN 978-9967-14-114-8.

* Об академике У.Асанове. – Бишкек, 2004.

* Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. – (Мында: 543-бетте). - ISBN 9967-14-046-1.

* Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

==Интернеттеги шилтемелер==
Line 139 ⟶ 31:

{{no iwiki}}