Дени Дидро: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Removing "Denis_diderot_desc.jpg", it has been deleted from Commons by INeverCry because: Per c:Commons:Deletion requests/File:Denis diderot desc.jpg.
5-сап:
== Чыгармалары ==
Энциклопедиядан башка да Дидро бир катар төмөнкү философиялык жана көркөм чыгармаларды жазат: «Жаратылышты түшүндүрүү жөнүндөгү ойлор» (1754), «Д'Аламбердин Дидро менен болгон маеги», «Д'Аламбердин түшү» (1769), «Кечил аял» (1760), «Рамонун жээни» (1762—79), «Жак — фаталист жана анын кожоюну» (1773). 1773-жылы атактуу философ Екатерина Пнин чакыруусу боюнча Россияга келет. Узак мезгилдер бою ал дээрлик күн сайын эки саат Екатерина II менен аңгемелешип турат, аңгемелешүү убагында аны социалдык-экономикалык кайра куруулардын зарылдыгына ынандырууга аракеттенет. Екатерина II Дидронун айткандарынын баарына макул болсо да, олуттуу реформа жүргүзүүгө батынган эмес. Өзүнүн аңгемелешүүлөрүн Дидро «Запискаларында...» чагылдырат. Өмүрүнүн акыркы жылдарын «Физиологиянын элементтери», «Сенеканын өмүрү» (1778), «Клавдийдин жана Нерондун падышачылыгы жөнүндө тажрыйба» (1782) деген эмгектерин жазууга арнайт. Өлөр алдында ал өзүнүн атеисттик көз караштарынан баш тарткан эмес, анын акыркы сөзү төмөнкүдөй болгон: «Динге ишенбөө — философияга карай жасалган биринчи кадам».<br />
Ал адамзаттын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө гана ишенген жана Аалам чексиз болгондуктан аны адамзат толук таанып-биле албайт деп эсептеген. Жаратылыш Дидро үчүн — китеп, кучак жеткис, көптөгөн барактардан турган китеп, окумуштуулар бул китептин улам жаңы барактарын ачып окуй беришет, бирок, бул китептин акыркы барагын ачып жаба турган адам эч качан болбойт. Дидронун бул айткандарынан гносеологиялык пессимизм келип чыкпайт, анткени ал адамзат таанымы дайыма кеңейип жана тереңдей берет деп эсептеген жана адамзаттын эң татаал дүйнөлүк табышмактарды чече аларына ишенген.<br />[[Файл:Denis diderot desc.jpg|thumb|left|Дидро 1773 - 1774 жылдары жашаган үйдөгү такта. Санкт-Петербург, Исаакиевская аянты]]
== Тааным тууралуу ==
Тааным Дидро үчүн сезимдин жана акыл-эстин курамынан турган бирдиктүү процесс. Ал философиялык ой жүгүртүүнүн чыныгы усулу — акылды акыл менен текшерүү, акыл жана эксперимент аркылуу сезимди текшерүү, сезимдердин жардамы менен жаратылышты таанып-билүү болуп саналат деп жазган. Жаратылышты таанып-билүүнүн башкы үч каражаты Дидро үчүн — байкоо, ой жүгүртүү жана эксперимент болгон.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дени_Дидро" булагынан алынды