Аскорбин кычкылы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 31 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q193598 (translate me) |
No edit summary |
||
1-сап:
[[File:Ascorbic-acid-3D-vdW.png|250px|thumb|right|Аскорбин кычкылы]]
'''Аскорбин кычкылы''' - (С витамини) [[Организм|организм]]деги кычкылдануу, калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот (к. [[Витамин жетишсиздиги]]). Аскорбин кислотасы киши [[Организм|организм]]инде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (суткасына чоң кишилерге 50—100 мг, балдарга 30— 70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты [[капуста]], картошка, көк пияз, томат менен [[тамактануу]] толуктайт. С витамини көбүнчө [[Ит мурун|ит мурундун]] ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, [[Чычырканак|чычырканактын]] ашында, апельсинде, [[Лимон|лимондо]] да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз.
[[File:L-Ascorbic acid.svg|250px|thumb|right]]
С витамини [[Суу|сууда]] жакшы эрийт; витаминдердин ичинен эң туруксузу бат кычкылданат. Жашылчаны бышырганда С витамининин А бөлүгүнө жакыны жоголот.
|