Астрономия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 186 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q333 (translate me)
No edit summary
1-сап:
[[File:20110721.jpg|thumb|leftright|Планета|300px]]
'''Астрономия''' (астро... ж-а гр. nomos - закон) - [[Аалам|ааламда]] болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү [[илим]]. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, [[астрофизика]], асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, [[космогония]], [[космология]] ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. [[Космос|Космостогу]] эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл [[Телескоп|телескобу]] 1990 ж-а 2005-ж. [[Жер|Жердин]] [[Орбита|орбитасына]] чыгарылып, [[Күн системасы|Күн системасындагы]] телолорду ж-а [[планета]] аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы м-н алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. [[Кытай|Кытайдагы]] астрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле [[Египет|Египетте]], [[Индия|Индияда]] ж-а [[Грекия|Грекияда]] өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз м-н байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар ж-а Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад [[Цивилизация|цивилизациясынын]] жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия б-ча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу [[Коперник, Николай|Н. Коперниктин]] «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин [[Ньютон, Исаак|Ньютондун]] бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ж-а кыймылдын үч законун Ай ж-а планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер ж-а [[Галилей Галилео|Галилейдин]] иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң ж-а кубаттуу телескоптун жардамы м-н Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде - планеталарды, анын жандоочуларын, [[Комета|кометаларды]], [[Астероид|астероиддерди]] изилдөөдө Ньютондун динамика закону ж-а кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.
 
(грек тилинен astron - ''жылдыз'' жана nomos - ''мыйзам'')<br />
1. асман (космос) объекттеринин физикалык касиеттери, пайда болушу, өнүгүүcү жөнүндөгү [[илим]];<br />
2. '''А'''. илиминин теориялык негиздерин камтыган окуу предмети.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуусу]]
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
* [[Планеталар]]
 
[[CategoryКатегория:Астрономия]]
* [[Планеталар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Астрономия" булагынан алынды