Таштемир Айтбаев: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
|||
1-сап:
[[File:Aitbaev tashtemir.jpg|150px|thumb| Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич]]
'''Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич''' (27.11.1943-ж.туулган, [[Нарын облусу]], [[Ак-Талаа району]], Тоголок Молдо айылы) - генерал-лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атындагы техникалык жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку партиялык мектебин (1981) бүткөн. 1961-62-ж. Москва шаарындагы И.А.Лихачев атындагы заводдо слесарь-ширетүүчү, 1967-82-ж. Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министрлигинин пластмасса буюмдар заводунда улук конструктор, башкы технолог, комсомолдун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май райкомунун биринчи, Кыргызстан ЛКЖС Бишкек шааркомунун 2-секретары, Кыргызстан ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт-насыят боюнча секретары, 1-секретары. 1982-86-ж. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1-орун басары, 1986-95-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун өнөр жай-транспорт, социалдык-экономика бөлүмдөрүнүн башчысы, Ош облустук элдик контроль комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Кыргызстан КП Нарын обкомунун 1-катчысы, Кыргызстан КП БКнын катчысы, «Кыргызавтосервис» мамлекеттик акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице-президенти, 1995-99-ж. КРнын Ички иштер министринин орун басары, 1999-2000-ж. КРнын Улуттук коопсуздук министри, 2000-02ж. КРнын Ички иштер министри, 2002-05-ж. КРнын Юстиция министринин орун басары, 2005-06-ж. КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (197590). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Нарын облусу]]
[[Категория:Кыргызстан]]
|