Асыл таштар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Friendwip.kg moved page Асыл таштар – to Асыл таштар: Аталыш туура эмес жазылган.
No edit summary
1-сап:
'''Асыл жана кооз таштар''' - [[Жаратылыш|жаратылышта]] сейрек ж-а аз өлчөмдө кездешүүчү кымбат баалуу минералдар м-н тоотектер. Алардын баалуулугу жаратылышта сейрек учуроосу, издөө ж-а казып алуу үчүн көп жумуштун сарп кылынышы, кырдап жылмалоонун кымбаттыгы, ошондой эле ар бир таштын өзүнө тиешелүү сапаты, өлчөмү, бир түрдүүлүгү, өңүнүн кооздугу д. у. с. белгилери м-н аныкталат.
'''Асыл таштар – '''эреже катары, кристалл формасында кездешүүчү, табигый казылып алынуучу минералдар. Өздөрүнүн өзгөчө физика-оптикалык касиеттери жана жасалгалык сапаттарына карата зергердик жумуштарда пайдаланылат. А. т. түссүз же кооз таза түрдө болот, жылтырактыгы, тунуктугу, жарык чыгаруу касиети, бекемдиги, кырдоого ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Классификациясы б-ча А. т. 4 класска бөлүнөт (СССРде кабыл алынган классификация б-ча): 1-класс – алмаз, рубин, көк сапфир, зымырт (изумруд). 2. стихиялык кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик менен жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жартылай, толук эмес бузулушу. 2-класс – александрит, асылтектүү кара опал, асылтектүү жадеит жана башка 3-класс – асылтектүү шпинель, асылтектүү ак жана оттуу опал, аквамарин, топаз, родонит, кызыл турмалин жана башка 4-класс – хризолит, циркон, кунцит, сары, жашыл, мала кызыл берилл, пироп, альмандин, бирюза, аметист, хризопраз, цитрин жана башка 1-класска мындан сырткары моллюсктардын денесинде пайда болчу бермет кошулат. Илгертеден эле А. т. татаал символикадан турушкан жана аларды сыйкырдуу касиетке ээ деп билишкен. Жасалга катары А. т. ар бири өзүнчө жана татаал композицияда колдонулган. Кээ бир А. т. жасалма жол менен алынат.
Асыл таштарга түссүз же өңү кооз, тунук, жалтырак, катуу ж. б. касиеттерге ээ минералдар, көбүнчө алардын кристаллдары кирет. Баалуулугуна жараша 3 класска бөлүнөт: алмаз, сапфир, рубин, изумруд, александрит, хризоберилл, асыл шпинель, эвклаз ж-а бермет (1-класс); топаз, берилл (аквамарин, воробьевит, гелиодор), кызгылт турмалин (рубеллит), фенакит, демантоид (урал хризолити), аметист, альмандин, пироп, уваровит, хромдиопсид, циркон (гиацинт, сары ж-а жашыл циркон), асыл опал (2-класс); бирюза, жашыл турмалин, кордиерит, сподумен (кунцит), диоптаз, тоо хрусталы, күңүрт кварц (раухтопаз), ачык аметист, акакташ (сердолик), гелиотроп, хризопраз, чала опал, агат, талаа шпаттары (күнташ, айташ), содалит, пренит, андалузит, диопсид, гематит (кровавик), пирит, рутил, янтарь, агат (3-класс). Акыркы класстагылардын чандасы гана жогору бааланып, көпчүлүгү чала асылташ деп да аталат.
 
Кооз таштарга ири көркөм кооздук (ваза, столешница, тамбоорунун панносу, мозаика ж. б.) оюу-чийүү орнаменттөө ж-а архитектуралык көркөмдөө иштеринде, ошондой эле технологияда пайдалануучу чала жалтырак (яшма, нефрит, малахит ж. б.) кооз оймо-чиймелери бар, көбүнчө тунук эмес минералдар м-н тоотектер кирет. Алар 3 класска бөлүнөт: нефрит, жадеит, лазурит, содалит, главколит, амазонит, лабрадор, орлец (родонит), малахит, авантюрин, кварцит (белоречит), күңүрт ж-а кызгылт кварц, халцедон (перелифт, празем), агат, яшма, везувиан (калифорнит), жазуу гранити (1-класс); серпентин (змеевик), агальматолит, стеатит, селенит, ангидрит, обсидиан, мрамор оникси (чыгыш оникси), флюорит, таштуз (2-класс); гипс, алебастр, мрамор, порфир, брекчиялар, кварцит ж. б. (3-класс).
 
Кээ бир асылташтар жасалма ж-а синтетикалык жол м-н алынат. Мисалы, алмаз, изумруд, корунд (сапфир, рубин), шпинель, түссүз рутил. Асыл жана кооз таштардын кендери темир м-н магнийге бай магмалык тоотектерде (алмаз, циркон, пироп ж. б.), [[Минералдуу суулар|минералдуу суунун]] чөгүндүсүндө (опал, тоо хрусталы, аметист, агат ж. б.), метаморфизмделген тоотектерде (рубин, сапфир, лазурит, гранат ж. б.) кездешет. Айрым асыл таштар органикалык жол м-н пайда болот (бермет, акак, янтарь). Асыл жана кооз таштардын кендери КМШ өлкөлөрүндө Урал (алмаз, яшма, малахит, мрамор,изумруд, топаз, аметист, бирюза, александрит ж. б.), Алтай (яшма), Байкал (лазурит), Чыгыш Саян (нефрит), Сибирь (мрамор, агат, халцедон, тоо хрусталы, аквамарин), Кавказда (мрамор, халцедон), Калининград облусунда (янтарь), 0рто Азия (мрамор, тоо хрусталы) ж. б. жерлерде жайгашкан. Кыргызстанда роговик (Сулууташ), аквамарин, изумруд (Күмүштаг), яшма (Арчалуу), мрамор оникси (Дөрө), мрамор (Арым) сыяктуу кооз таштардын кендери бар. Асылташтар негизинен ювелирдик, кооздук-көркөмдөө иштеринде ж-а техникада колдонулат (к. Алмаз). Рубин м-н сапфир [[саат]] жасоодо ж-а так механизмдерде, тунук кварц, турмалин атайын оптикалык приборлордо, радио өнөржайларында пайдаланылат. Агат, халцедон так таразалар м-н өлчөө куралдарынын айрым тетиктерин жасоого керектелет. Асыл жана кооз таштар илгертен эле үлүлдүн кабыгы, сөөк, мүйүз өңдүүлөр м-н бирге мончок, тумар, шакек, билерик ж. б. үчүн кеңири пайдаланылган. Азыр да алар майда пластика искусствосунда (глиптика, көркөм оюу, скульптура), мебелдерди инкрустациялоодо, вазалар м-н кутучалардын, шкатулкалардын бетин, бычак, айры, кашык ж. б-дын саптарын кооздоп жасоодо кеңири пайдаланылат.
 
==Колдонулган адабияттар==
*[[Кыргыз сүрөт“Кыргызстан”. искусствосуУлуттук энциклопедия: Энциклопедиялык1-том. окууБашкы ред. Асанов Ү. А., Б.: куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору., 2006.:, 2004ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Кыргыз сүрөт исскуствосу]]
[[Категория:Асыл таштар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Асыл_таштар" булагынан алынды