Канай уулу Байтик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Байтик Канай уулу''', Байтик баатыр (болжол менен 1820, [[Чүй өрөөнү]] 1886, Чүй өрөөнү, өзүнүн кыштоосу, азыркы Байтик өрөөнү) солто уруусунун чоң манаптарынын бири.
'''Байтик Канай уулу''' - [[солто]] уруусунун атактуу ага манабы, Канай баатырдын уулу.
1860-жылдардын башында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башчыларынан. Жаш кезинде атасынын Таластагы бир тууганы Сатылгандыкында жүргөн. Таластан кайтып келгенден кийин, тың чыккан Байтик Чүйдөгү солтолордун манабы Жаңгарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишкен. Байтик адегенде Кокон хандыгы менен өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Пишпектин үстүндөгү Басбөлтөктү жердеп турган. Бийлигин бекемдөө үчүн Чүйдөн Таласка көчүп барып жашап калышкан сарбагыш уруусундагы чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыкоозду (Балык Кумар уулу) өзүнө чакыртып алган. Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылбаган элге Балыкооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгөн. Көп маселелерди аны менен кеңешип турган. Ошол мезгилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып, жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган. Байтик 1860-ж. Кокон ханы тарабынан дайындалган, элге зордук-зомбулугу күч алган Пишпек чебинин беги Рахматулланы солтонун Дуулат, Көкүм жана Чойбек баатырларынын жардамы менен өлтүргөн. Чүй өрөөнүндөгү саясий кырдаалды туура баалаган Байтик жигиттери менен Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералы Г. Колпаковскийге жардам сурап кайрылган. Бул күрөштө ага кеминдик сарбагыштардын чоң манабы [[Жантай баатыр|Жантай]] жардамдашкан. Пишпек чеби талкалангандан кийин Байтик 200 жигити менен Россиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуя ата, Мерке, Чымкен чептерин бошотууга катышкан. Олуя атада багыш уруусунун манабы Сарымсак баштаган 1000 кыргыз Байтиктин жигиттерине кошулган. Байтик 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Россия империясынын карамагына өтүүсүнө жана Россия менен Кыргызстандын байланышын чындоого түздөн-түз салым кошкон. 1867-ж. солто, сарбагыш, саяк ж. б. кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр Пнин кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Россия империясына кылган кызматы үчүн Байтике аскердик капитан даражасы ыйгарылып, Анна тасмасына тагылуучу Чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени жана каухар чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.
Байтик "баатыр" аталып, коңшу казак, өзбек элдерине дагы ысмы кеңири тарап, төбөсү көрүнгөн инсан болгон.

==Колдонулган адабияттар==
[[File:Example.jpg]]
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
== Өмүр таржымалы ==
"Байтик бала кезинен көзгө урунган, идиреги бар бала болгон экен. Тарых барактарына саресеп салып карасак,"Аккан арыктан суу агат" деп айтылгандай, Байтиктин чоң атасы Түлөберди, өз атасы Канай дагы эл аралап атка минер [[солто]] уруусунун билерманы аталган.

Өзгөчө Канай ченебеген баатыр болгону али күнчө айтыла калып жүрөт. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей, атанын жолун жолдоп, эл аралаган Байтик бүт [[Чүй]] өрөөнүнө өзү ээлик кылып башкарып турганына өткөн мезгил күбө. Учурунда Байтик кокондуктар менен кыргыз элинин ортосунда болгон жаңжалда чоң эрдик көргөзгөн. Ошондон баштап Байтик деген атына "Баатыр" деген сөз кошулуп Байтик баатыр аталып калган экен.
Байтик баатыр өзүнүн Калыстыгы менен дагы элге алынган. Казактын Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган баатыр уулу "кыргыз элин басып алып өзүбүзгө каратабыз" деп кол салганда кызыл тебетей аталган [[Ормон хан]] менен үзөңгү кагыша мекенди коргоп, катылган душмандын мизин кайтарганга салымы чоң болгон.

== Чеберчилиги ==
Кээ бир карылардын айткан сөзүнө таянсак, Байтик баатыр кыргыз элинин келечегине кенен ой жүгүртүп, коңшу элдер менен алака түзүп, баарын тынчтык жолу менен чечкенге аракети күч болгон экен. Жөн бала эл оозуна алынбайт. Тарыхта ысмы калган Байтик баатыр Хан Ормон, Жантайлар менен бат-бат жолугушуп, алар менен пикир алышып турган. Кадимки Сарбагыштын баатыры Субандын уулу Адыл менен бел куда болуп, кызын берген.
Бир күнү Таластан белгилүү жазуучу Чыңгыз Айматовдун кайсы бир чоң атасы келип, үч күн конок болуп өргүп жатып калат. Ал киши койлук эмес, тайлык конок болгондуктан тай союп, дасторконду кенен жайып, чер жазыша сүйлөшүп коноктун сапары карыганда Карабалтага чейин узатып барат да, мерчемдүү жерге жеткенде кош айтышып, артка тартканда абдан өкүнгөн экен. "Кап, болбой калды. Бекер келген экенмин. Мени ээрчип жүргөн жолборс, тиги келген конокту ээрчип кетти. Эми анын тукумунан жакшы уулдар чыгат. Атадан балага ооп келаткан сыймык башкага кетти" деп өкүнүп үйүнө келгенге чейин ат жалын караган тейде эч үнсүз келиптир. Көрсө, баатырдын сыймыгы келген конок менен Таласка кеткен. Бул окуянын чындыкка жакын жагы бар. Чынын айтканда Байтик баатырдан өзүнүн деңгээлинде бала калган жок. Ал эми жолборс ээрчип кеткен коноктон Төрөкул Айматов, Чыңгыз Айтматов өңдүү төбөсү көрүнгөн уулдардын чыкканы чындыктан белги берип тургандай. Эгер биз калыс ой-жүгүртүп карасак, Байтик баатырдын сыймыгы күчтүү болгон үчүн тарыхта ысмы калып, борбор шаарыбыздын чоң көчөсүнө аты берилгени эле эмне деген сөздү айтып турат. Андыктан Байтик өңдүү баатыр уулдарыбызды көңүл сыртына калтырбай эстей жүргөнүбүз улуу иш эмеспи.

* Байтик баатыр каза болгондо айтылган кошоктон:

Көктөн тийген айдайым,
Көк адырлуу сайдайым.

Көчүндө тууган элинде,
Көк булбулдай сайраган.

[[Күнтуу]] менен Канайга,
Көгөргөн агын суу элең.

Адам уулу жеткисиз,
Аскар тоонун бели элең.

Кас санаган душманга,
Каптап кетчү сел элең.
{{no iwiki}}
[[Категория:Кыргыз тарыхы]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Кыргыз тарыхыТарых]]
[[Категория:Кыргызстан]]