Атеизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
'''Атеизм''' (а... ж-а гр. theos - кудай, б.а. кудайсыз) - табияттан тышкары күчтөрдү, [[диний]] түшүнүктөрдү ж-а Кудайды танган көз караш. Атеисттик көз караштагы ой-пикирлер алгач байыркы доордо эле [[Кытай]], [[Индия|Индияда]], кийин грек полисинин расмий динин тануу иретинде атеизм түшүнүгү пайда болгон ж-а ошол учурдан тартып материалдык [[философия]] м-н тыгыз байланышта өнүккөн. [[Европа|Европада]] Ренессанс доорунда атеизм кайрадан күч алган. 17-18-кылымдын агартуучулары башкалардан айырмаланып, атеист болушкан эмес, ал турсун атеизмди сындашкан. Ошол эле учурда алар салттуу [[Христианчылык|христиандык]] ишенимди да сынга алуу м-н атеисттик маанайдын жогорулашына шарт түзүшкөн.
'''Атеизм'''(грек тилинен келген atheos – кудайсыз) – кудайды четке кагуу, аны тануу; Атеизм кудайды таптакыр жокко чыгарат (радикалдык атеизм) же кудай бар болсо, реалдуу жашаса, ал адамдар тарабынан таанылып – билиниши зарыл (агностикалык атеизм) деп эсептейт. Радикалдык Атеизм азыркы мезгилдеги материализмге, өзгөчө марксизмге жана позитивизмге, алардын өкүлдөрүнө, улантуучуларына таандык; ал эми агностикалык Атеизм Байыркы [[Греция|Грециядагы]] философтордун (Гераклит, [[Демокрит]], Протагор, [[Горгий]], [[Эпикур]] жана башка) арасында кеңири таралган. Азыркы учурдагы баалуулук этикасында постулативдик Атеизм орун алган, анын башкы өкүлү [[Гартман, Николай Фон|Н. Гартман]] пикири боюнча, кудайдын кудуреттүүлүгүнө, мыйзамчемдүүлүгүнө ишенүү этикалык баалуулуктарга туура келбейт, Кудай тарабынан максатталып шартталгандык этикалык эркиндикти жокко чыгарат.<br />
 
19-кылымда Атеизмдин өзгөчө гүлдөп өскөн мезгили болгон. Бул учурда ал бир катар идеологиялардын, а. и. өзгөчө [[Социализм|социализмдин]] ажырагыс бөлүгүнө айланып, немец ойчулу [[Маркс, Карл|К. Маркстын]] окуусун улантуучулар тарабынан «илимий атеизмдин» теориясы иштелип чыккан. Октябрь Революциясынын жеңишинен кийин, 1917-жылдан тартып, алгач Советтик Россиянын [[Чиркөө|чиркөөлөрүн]], бара-бара жалпы эле [[СССР|СССРдин]] курамындагы республикалардын аймактарындагы бардык диний мекемелерди ([[мечит]], [[медресе]], тайынуу жайлары ж.б.) куугунтуктоонун теориялык базасына айланган. Батыш өлкөлөрүндө ошол мезгилде анчалык курч мүнөзгө ээ болбогон философиялык атеизм тараган. 20-кылымда атеизмдин ордуна бара-бара [[агностицизм]] бир кыйла кеңири тарай баштады. Агностиктер табияттан тышкары күчтөрдү танууга да, таанууга да негиз жок деп санашат. СССР ыдырап, анын курамындагы республикалар, а. и. КР да көз каранды эместикке жетишкенден кийин атеисттик көз караштар бир топ солгундап, диндик куугунтоолор токтотулган. Өлкөнүн баш мыйзамы - [[Кр конституциясы|КРнын Конституциясында]]: ар адамга дин тутууга, расымдарга, диний ж-а атеисттик ишке эркиндик кепилденет. Ар бир адам ар кандай динди эркин тутууга же эч бир динди тутпай коюуга, диний же атеисттик ынанымдарды тандоого, аларга ээ болууга же таркатууга укуктуу (16-статья, 11-пункт) деп белгиленген.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[CategoryКатегория: Философия]]
== Колдонулган адабияттар ==
*[[Философия: энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
{{no iwiki}}
[[Category: Философия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Атеизм" булагынан алынды