Жорж Гордон Байрон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Эльза Мамбетакунова moved page Байрон to Байрон Жорж Ноэл Гордон
No edit summary
1-сап:
'''Байрон''' Жорж Ноэл Гордон''' - (22. 1. 1788, [[Лондон]] 19. 4. 1824, Миссолунги, [[Грекия]]) англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж университетин бүтүргөн (1808). Байрон «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү маселелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңазалаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара» (1814) аттуу поэмаларында 19-кылымдын башындагы коомдон безген, деспотизмге каршы чыккан, бийликке башийбеген бунтчул жана индивидуалист каармандардын образын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили менен берилип, ага бүт өмүрүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» драмалык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Коло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Байрондун «Шильондун туткуну» поэмасы жана бир канча ыры кыргыз тилине которулган.
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Улуу Британия]]