Асфальт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Асфальт''' (гр. аsрhаltоs - тоо чайыры) - [[битум]] м-нменен майда минерал заттардын ([[акиташ]], [[кум]] ж.жана б.башка) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). Асфальт табигый ж-ажана жасалма болуп бөлүнөт. Табигый асфальт жеңил фракциялардын бууланышынын ж-ажана гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оңой эрүүчү катуу асфальтка айланат. Асфальттын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. Асфальт жаратылышта курамы 2-20%кега чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин ж.жана б.башка тоо тектеринин жаракасында кезигет. Жасалма асфальт майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13-60% битум аралашмасы. Табигый асфальттын курамында [[Нефть майлары|нефть майы]] көп ж-ажана бир нече процент парафин болот. Асфальт күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму м-нменен аралаштырып, асфальт мастикасын даярдайт. Асфальт мастикасы бир өңчөй түзүлүштө болууга ж-ажана андагы битумдун кошундусу б-чабоюнча салмагы 13%тендан кем болбоого тийиш.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Курулуш материалдары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Асфальт" булагынан алынды