Астения: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Астения''' (гр. actheneia - дармансыздык, күчтөн таюу) - нерв-[[Психика|психикалык]] жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо, чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, [[аракечтик]], маалы м-нменен тамактанбай, эс албай жүрүү ж.жана б.башка себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка [[Табит (аппетит)|табити]] тартпай, ичи катат же өтөт; кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек м-нменен эс алууну туура айкалыштыруу, [[Витамин|витаминдүү]] тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө ж-ажана иште ыңгайлуу шарт түзүү керек. [[Гипноз]], психотерапия, ийне сайып дарылоо ж-ажана сеп алдыруучу дарылар м-нменен дарылайт.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Медицина]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Астения" булагынан алынды