Ассириялыктар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Ассириялыктар''', сирийлер, айсорлор (чыгыш Ассириялыктар өздөрүн атурия, сурая, батышы сурьян деп аташат) - эл, Жакынкы Чыгыштагы этностук жалпылык. Чыгыш [[Ассириялыктар]] (Иран, Түндүк Ирак, Түндүк Түркия, Россиядагы Ассириялыктар), Батыш Ассириялыктар (Сирия, Түштүк Түркия) болуп бөлүнөт. Саны Иранда 34 миң, Иракта 6506 миң, Түркияда 65 миң, Сирияда 84 миң адам, ошондой эле Ливан (34 миң), Палестина (4 мпң), Израил (0,5 миң), Кувейт (4 миң), Грузия (6,2 миң), Армения (3,4 миң), Азербайжан (1,3 миң), Россия (13,7 миң), Санкт-Петербург (0,5 миң), Краснодар крайы (3,8 миң), Ростов облусу (2 миң), Ставрополь (0,9 миң), АКШ (58 миң), Улуу Британия (8 мпң), Швеция (10 миң), Франция (3,5 миң) ж. б. өлкөлөрдө да жашашат (2000). Жалпы саны түрдүү маалыматтар б-чабоюнча 450 миңден 3 млнго чейин жетет. Ассириялыктар ассирия (жаңы арамей, жаңы сирия, сирия) тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Алар байыркы Ассириялыктардын тукумдары. Ассирияда 1-кылымдан христиан дини тараган. Араб халифатынын доорунда (7-к.) ассириялык несториан чиркөөсү өнүккөн. 13-кылымда Сириядан Кытайга чейинки аймакта 130 епископ, 25 митрополий патриархтын карамагында болгон. Азыркы мезгилде Ассириялыктарга негизинен ассириялык Чыгыш чиркөөсү (несториандык), сириялык яковиттик чиркөө (монофисттик) ж-ажана ассирийхалдей чиркөөсү таандык. 14-кылымдын аягында Тимурдун басып алуусунун мезгилинде Ассириялыктарга ислам динин кабыл алууга каршы чыгышкан ж-ажана өздөрүн аман сактап калыш үчүн Курдистан тоолоруна жашырынышып, Кипрге качышкан. 16-кылымда Ассириялыктардын көпчүлүгү Осмон империясынын аймагында жашашкан. 19-кылымдын 40-жылдарда адабий ассирия тили иштелип чыккан. Ассириялыктар Россияга 1826-28-ж.жылдары орус-иран согушунун мезгилинде көчүп келе баштаган. 1917-ж. Россиянын аймагында 50 миңге жакын Ассириялыктар жашаган ж-ажана көпчүлүгү православие чиркөөсүнө өтүшкөн. Ассириялыктар [[дыйканчылык]], [[мал чарбачылык]] ж-ажана [[балыкчылык]] м-нменен кесип кылышкан. Аларда уруулук түзүлүш узак мезгил сакталып, князь (малики), старосталар (ришмат) башкарган. Учурда Ассириялыктарда орто бизнес, интеллигенциянын өкүлдөрү, ассириялык эл аралык коомдук уюмдар пайда болуп, ассирия тилинде газета, журналдар чыгарылат. Ассириялыктарда жаңы жыл, ошондой эле христиандык салттуу майрамдар майрамдалат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Ассирия таануу]]