Ассимиляция (тил илиминде): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Ассимиляция (тил илиминде)''' - жанаша турган үнсүз тыбыштардын [[Артикуляция|артикуляциялык]] ж-ажана акустикалык жактан жасалуу таасири астында бири бирине окшошуу процесси. Мисалы, сөздөгү баштапкы уяң же жумшак үнсүздөрдүн таасиринде кийинки каткалаң үнсүздүн жумшарышы же тескерисинче, каткалаңдатуусу. Окшошуу процессинин негизинде толук ж-ажана толук эмес ассимиляция байкалат. Толук ассимиляция - жанаша турган үнсүз тыбыштардын бири-бирине толук айкалып айтылышы (мисалы, «казса» деген сөз «касса» болуп айкашып айтылат). Толук эмес ассимиляция - айрым тыбыштардын ар түрдүүчө айтылып, башкача жазылышы (мисалы, «канга» деген сөз «каңга» болуп айтылат). '''Ассимиляция (этнографияда)''' (лат. аssimilatio - аралашуу, өздөштүрүү) - бир элдин эне тилин, маданиятын, улуттук аң-сезимин жоготуп, экинчи бир элге сиңип кетиши. Бул процесс эки түрдө: табигый ж-а мажбурлоо жолу м-н жүргөн. Табигый ассимиляция калктын түрлүү этностук топторунун арасында узак мезгилге созулган карым-катнаштын негизинде, алардын өзара никеге турушунун ж. б. факторлордун натыйжасында жүрөт. Улуттар арасында теңсиздик өкүм сүргөн өлкөлөр ичинде ассимиляция мажбурлоо, зордоо жолу м-н ишке ашырылган. Мисалы, Австрия империясында, кийинчерээк Австрия-Венгрияда, Россияда ж. б. жерлерде ушундай ассимиляция процесси жүргөн.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Тил илими]]