Аутогендик көнүгүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Аутогендик көнүгүү''' (грекче autogenes - өзү чыгаруу) - [[Стресс|стресстин]] таасиринен бузулган [[Организм|организмдин]] булчуңдарын максималдуу бошоңдотуу жана өзүн-өзү ишендирүү менен дарылануучу психотерапиялык ыкма. Аны немец окумуштуусу И. Шульц сунуш кылган (1932). СССРде М. С. Лебединский (1963) тарабынан жакшыртылган. Аутогендик көнүгүүнү өзүнчө же дары-дармектер менен өз денесинде жылуулукту сезүү, колу-бутунун булчуң эттерин өз эркинче бошотуу, өзүн-өзү тынчтандыруу, дарылоонун ийгиликтүү болушуна ишенүүгө көндүрөт. Нерв системасынын иши бузулганда аутогендик көнүгүүнү өзүнчө же дары-дармектер менен аралаш жүргүзсө натыйжалуу болот. [[Аутогендик көнүгүү]] ыкмаларын жакшы билген спортчу старт алдындагы толкунданып-калтыроодон оңой кутулат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Неврология]]