Аккад шаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Аккад шаары''' - (Аккаде, Агаде) - Месопатамиянын түндүк бөлүгүндө, Багдаддын түндүк-батышында жайгашкан байыркы мезгилдеги шаар ([[Ирак|Ирактагы]] азыркы Аббу-Хабба шаарына жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б.Биздин з.заманга ч.чейинки 24-22-кылымда Аккад шаары Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопатамия жана Элам кирген. Аккад шаарын жогорулаткан жана Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б.биздин з.заманга ч.чейинки 2316—2261-ж. башкарган) Саргониддер династиясына негиз салган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кошөзөн) аралыгынын түндүк бөлүгүнө, Кичи Азияга, Эламга жортуулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бийлик жүргүзгөн мезгилинде Аккад мамлекетине Шумер каратылган. Кийинчерээк Түштүк Месопатамиянын түндүк бөлүгү Аккад деп атала баштаган. Аккад Эки-Суу аралыгынын эң кууш жеринде жайгашып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси булуңуна) жана чыгыштан батышка (Ирандан [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңизине]], андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя жана кербен соода жолдорунун түйүнү болгон. Аккадда ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армиянын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. Аккаддын падышалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү ичара чатактар Аккадды алсыратып, б.биздин з.заманга ч.чейинки 2200-ж.жыл ченде басып кирген тоолук-кутийлер тарабынан каратылган. Андан соң Аккад Ур падышалыгынын курамына кирген. Б.Биздин з.заманга ч.чейинки 3-2-миң жылдыктардын чегинде бүткүл Кошөзөн аралыгы сыяктуу эле Аккад да аморейлердин соккусуна дуушарланган. Кийин ал өз алдынча мамлекет катары жоюлуп, тарыхый аймак катары Вавилон жана Ассирия падышалыктарынын курамына кирген. Аккад шаарынын тарыхый аренадан кайсы мезгилде жок болуп кеткендиги тууралуу маалыматтар жок ж-ажана археологдор тарабынан анын калдыктары табылган эмес. Аккад шаары тууралуу Хаммураппинин мыйзамдарында (б.биздин з.заманга ч.чейинки 18-к.кылым), легендаларда, поэмаларда, диний гимндерде гана айрым маалыматтар сакталган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Тарых]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аккад_шаары" булагынан алынды