Банту тилдери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Банту тилдери''' бенуэ-конгол тил тобу; [[Африка|Африканын]] борбордук жана түштүк аймагында жашаган банту элдеринин тили. Грамматикалык жана сөздүк курамы боюнча бири бирине өтө жакын, типологиялык жактан флексия элементтери бар агглютина тилдерге кирет. Илим бантуистика 19-кылымдын ортосунан өрүш алган. М. Гасринин классификациясы боюнча Банту тилдери 15 зонага бөлүнүп, көп сандаган тилдерден турат. Анын негизгилери: суахили (Танзаиия жана ага чектеш өлкөлөрдөгү адамдар сүйлөйт), ньямвези, сукума, кикуйю, камба, конго, нгала (лингала), луба, мбунду, рунди, руанда, ганда, (луганда), дуала, эвондо (яуенде), булу, суто, чуана, ошондой эле шона, коса, зулу тилдери. Суахили тилинин таралуу чөйрөсү өтө тездик менен кеңейип, тропиктик Африканын чыгыш бөлүгүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн калкынын өзара байланыш каражатына айланууда.
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:Тил илими]]