Аким: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Аким''' - (ар.арабча - хаким - диний жана коомдук иштерди башкаруучу) - 1) бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыргыздар [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгына]] баш ийип турган мезгилде административдик аймактардын башында аким турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, бек, датка атактарын алышкан да, жалпы жонунан эл арасында аким аталган. Кыргызстан эли Россиянын курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж.жана б.башка бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жоготуп, кийинчерээк колдонулбай калган. 2) райондук мамлекеттик административдик башчысы. Анын укуктук негиздери КРнын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү администрациясы жөнүндө» мыйзамында бекитилген. Аким жергиликтүү кеңештин макулдугу жана премьер-министрдин сунушу менен КРнын Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу менен бошотулат. Аким эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРнын Президентине, Премьер-министрине жана облустук административдик башчысына баш ийет. Ал жергиликтүү администрациянын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт жана жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээлеген кызматынан алууга жана дайындоого макулдугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы жөнүндө билдирүү жасайт: социалдык-экономикалык өнүгүү жана элди социалдык жактан коргоо боюнча программанын, бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берет жана райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Түшүнүктөр жана терминдер]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аким" булагынан алынды