Башпуттуу моллюскалар (класс): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Башпуттуу моллюскалар''' (Cephalopoda) моллюскалар тибиндеги омурткасыз жаныбарлар классы. Дене узундугу 1см ден 5м ге чейин, башы чоң, денесин мантия каптап турат, дээрлик көпчүлүгүнүн оозунун тегерегинде 8 таажысы жана 2 жуп тинтүүрлөрү жайгашкан. Ургаачысынын арт жагында жумуртка салып, жетилгенче алып жүрүүчү атайын раковинасы бар. Баш сөөгү кемирчектүү. Тотугуштун тумшугундай калың мүйүз сыяктуу эки жаагы азыгын кармап, майдалоо кызматын аткарат. Эки жуп шилекей бези бар, арткысы уулуу болушу мүмкүн. Арткы ичегисине сыя капчасынын түтүгү ачылат, мээси татаал түзүлүштө. Башынын эки жагында жакшы өрчүгөн чоң көздөрү бар. Алар денесинин түсүн тез өзгөртүүгө жөндөмдүү (коргонуу реакциясы). Көпчүлүгүндө жарык берүүчү органдары болот. Жашоосунда бир гана жолу тукум берет, андан кийин өлөт. 650гө жакын түрү деңизде, океанда, көпчүлүгү тропик жана мелүүн жылуу сууларда жашайт. Жырткыч, бентос жана планктондор менен азыктанат. Көп түрлөрү фармацевтика сырьесу катары пайдаланылат.
'''Башпуттуу моллюскалар (класс) '''— [[Латын тили|лат.]] Cephalopoda)
 
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
*[[Алдашев, Абдулхай Алдашевич|А. А. Алдашев]]. [[Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү]]. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
 
{{Bio-stub}}
{{no iwiki}}
[[Категория:Биология]]
[[Категория:Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгүнүн негизиндеги макалалар]]