Ацетон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Ацетон''' (латынча acetum - уксус), диметилкетон, СН<sub>3</sub>СОСН<sub>3</sub> алифаттык эң жөнөкөй [[Кетондор|кетон]]; мүнөздүү жыты бар, түссүз суюктук. Кайноо t 56,2°С. Суу, спирт, эфирлер менен бардык катышта аралашат, химиялык активдүү зат. Ацетон хлорду жана жегичти кошуудан хлороформго (CHCl<sub>3</sub>), ысытуудан кетенге (СН<sub>2</sub>СО) айланат. Андан башка оксим, оксинитрил жана башка бирикмелерди берет. Ацетон кальций ацетатын ысытуудан же уксус кислотасынын буусун церий, титан кычкылдарынын үстүнөн өткөрүүдөн, крахмалды өзгөчө бактериялардын жардамы менен ачытуудан жана пропиленди гидраттап, пайда болгон изопропил спиртин андан ары кычкылдандыруудан алынат. Ацетон көпчүлүк органикалык заттар үчүн (нитро- жана ацетил-целлюлозалар, ацетилен) эриткич катары, тамак-аш жана фармацевт өнөр-жайларында, кетен, изопрен жана башка органикалык бирикмелерди алууда колдонулат. Айрым патологиялык абалда (мисалы, кант диабетинде) адамдын канында ацетон чогулуп, ууктуруучу таасир тийгизет.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Химия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ацетон" булагынан алынды