«Ачык барак»: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''«Ачык барак»''' («Открытый лист») - КРнын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамына ылайык, [[археологиялык изилдөө]] иштерин жүргүзүү үчүн археологадиске берилүүчү расмий документ. КРнын УИАнын Тарых институту тарабынан берилип, Маданият министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. ««Ачык барактын» төрт түрү бар: 1) археологиялык эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет; 2) археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана айрым гана эстеликти изилдөөгө укук берет; 3) археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет; 4) курулуш иштери же жана башка себептер менен бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археологиялык казуу мезгилинде табылган буюмдар мамлекеттик музейге өткөрүлөт, Кыргызстандан башка жакка алып кетүүгө тыюу салынган. ««Ачык барагы» жок археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Маданият]]
[[Категория:Археология]]