Ангар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

23 июнь 2015, саат 06:12 учурдагы нуска

Ангар (французча Hапgаг), учаккана - самолётту, вертолётту коюу, техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл жана рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо менен бирге алардын белен жабдык бөлүктөрү сакталат, техникалык тейлөө жумуштары жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болот-бетон конструкциялардан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий конструкциялардан) ангарлар курулат. Ангар жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба жана башка), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар жана башка менен камсыздалат.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1