Анимациялык кино: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Анимациялык кино''', анимация (англисче animatio - жандануу) - [[Кино|кинодо]] бөлөк-бөлөк сүрөттөрдү фотографиялоо жана аларды биринин артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу үчүн тез калыбына келтирүү. Анимациялык кино биринчи жолу 1892-жылы демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин, анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн. 1908-жылы анимациялык кинонун эң кеңири тараган түрү - мультипликациялык фильм, мультпликация (латынча multiplicatio - көбөйүү) пайда болгон. Анимациялык кино рекламада жана куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-13). Анимациялык кинонун дүйнөлүк өнүгүшүнө америкалык сүрөтчү жана режиссёр У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал сүрөт менен тартылган персонаждардын кубаттуу индустриясын түзгөн (Микки-Маус, Дональд Дак жана башка). СССРде мультпиликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы (1936, Москва) чыгарат. 1977-жылы Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажыдаардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү» жана башка алгачкы фильмдер коюлган. Анимациялык кинону чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт. Кыргыз мульфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов, Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков жана башка тартышкан. 20-21-кылымда кино искусствосуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире баштады. Анимациялык кинонун эл аралык фестивалдары Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима (Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) шаарларында 1998-жылдан Украина жана Россияда жыл сайын өткөрүлөт.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Кинематография]]