Андрон маданияты: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Андрон маданияты''' - коло доорундагы археологиялык маданият; биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын башы биздин замандын 1-миң жылдыгындагы Уралдан Енисейге, [[Иртыш|Иртыштын]] ортоңку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймактагы уруулардын тектеш маданият эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги жер-кепелерде жашашкан. Маданият Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты менен аталган. 20-кылымдын 20-жылдарында археолог С. А. Теплоухов тарабынан изилденген. Маданияттын эстеликтерине айланасы таш менен курчалган көрүстөндөр жана асем буюмдар кпрет. Көрүстөндөрдүн капшыттарына таш тизилип, дал ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кыбыланы баштантып, кырынан жаткырып, кийим-кечеги, курал-жарагы, асем буюмдары менен бирге көмүшкөн. Көрүстөндөрдөн оттук таш, учтуу найзалар, коло курал жарактар, жез мончоктор, алтын, жез сөйкөлөр табылган. Карапа идиш-аяктарын оймо-чийме менен кооздошкон. Маданияттын эстеликтери Кыргызстандын Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат, Кулан-Сай, Чүй өрөөнүндөгү Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай деген жерлеринен, Теңир-Тоонун Арпа жайлоосунан, Кочкор өрөөнүндөгү Бел-Саз, ошондой эле Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Жазы-Кечүүдөн табылган. Табылган археологиялык маалыматтарга таянып, алардын тамак-ашынын мүнөзүн да аныктоого болот. Ал эми Казакстанда изилденген эстеликтерде палеозоологдордун эсеби боюнча тамак-аштын 60-70%ын уй эти, 10%ын кой эти, 20-30%ын жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карап, сүт азыктарынын молдугу божомолдонот. Андрончулар мыкты металлургдар болушкандыгын коло салыктары аныктап турат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Тарых]]
[[Категория:Археология]]