Ангара: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Ангара''' (түркчө ангар - «жазы өрөөн», тунгус-манжур тилдеринде - жарака, капчыгай, шаңшаар) - Иркут облусу менен Краснояр крайындагы дарыя, Енисейдин суусу мол оң куймасы. Узундугу 1779 км, алабынын аянты 1040 миң км<sup>2</sup>. [[Байкал көлү|Байкал көлүнөн]] башталып, Сибирь бөксө тоосунун түштүгү аркылуу агып, ортоңку жана төмөнкү агымында трапптуу аймакты кесип өтөт. Башталгандан көп аралыкка чейин суу сактагыч каскаддары бар. Төмөнкү агымында Мур жана Стрелка босоголору (чатына жакын) шивералар, Мотыгино тушта (мында өрөөнүнүн жазылыгы 10 кмге жетет) аралдар көп. Негизги куймалары: Иркут, Ока (Ия менен), Кова, Тасеева (сол), Илим, Чадобец (оң). Орточо чыгымы башталышында 1920 м<sup>3</sup>/сек, чатында 5100 м<sup>3</sup>/сек. Суу сактагыч ноябрдан, төмөнүрөөгү октябрдын аягынан июнга чейин тоңот. Башталышынан тартып (ГЭС плотиналарында кез-кези менен) кеме жүрөт. Ангарада Иркутск, Братск, Усть-Илимск, Богучанск ГЭСтери бар; боюнда Иркутск, Ангарск, Усолье-Сибирск, Свирск, Усть-Илимск шаары жайгашкан.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:География]]
[[Категория:Суулар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ангара" булагынан алынды