Анвар Садат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Анвар Садат''' (25. 12. 1918, Мит Абу эль-Кум кыштагы, Минуфия провинциясы - 1981) - [[Египет]] Араб Республикасынын президенти (1970-1981). Египет аскер колледжин бүтүргөн (1938). [[Англичандар|Англичандардын]] үстөмдүгүнө каршы кыймылга активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу камакка алынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кпйпн Гамаль Абдель Насер менен жакындашып, 1952-жылы король Фарукту бийликтен алууга катышкан. 1960-61-жылы жана 1964-67-жылы Улуттук жыйналыштын төрагасы, 1969-70-жылы вице-президент кызматтарын аткарган. Насер дүйнөдөн кайткандан кийин президент болуп шайланган. Бийликти толук колго алуу үчүн бир нече чукул чараларды киргизип, армияны күчөткөн. 1972-жылы Анвар Садат СССР менен мамилесин үзүп, Египеттен советтик аскер кеңешчилерин чыгарган. 1973-жылы анын буйругу менен Египеттин куралдуу күчтөрү Израиль тарабынан басып алынган жерлерди бошотуу максатында кол салып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1974-жылы Анвар Садаттын өкмөтү Насердин мезгилиндеги багыттан баш тартып, өлкөдө рынок экономикасын киргизген. Менчиктештирүү, чет элдик капиталга жеңилдиктерди түзүү жана башка чаралар «инфитах» («ачык эшик») саясатынын негизин түздү. Натыйжада Египетке зор кирешелерди алып келген эл аралык туризм өнүккөн. 1978-жылы Анвар Садат, Израилдин премьер-министри Ш. Перес, АКШнын президенти Ж. Картер Кэмп-Дэвид Тынчтык макулдашуусун иштеп чыгышып, анын негизинде Египет менен Израилдин ортосунда тынчтык келишимге кол коюлган. Аталган келишим үчүн Анвар Садатка Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Мындай кадамдар жалпы араб дүйнөсүнүн нааразылыгын жаратып, Егппет Араб өлкөлөрүнүн Лигасынан чыгарылган. 1962-жылдардан Араб социалисттик союзунун (ААС) Жогорку аткаруу комитетинин мүчөсү, 1970-жылдардан анын төрагасы болгон. 1981-жылы аскер парады өтүп жаткан учурда исламчыл уюмдардын мүчөлөрү тарабынан Анвар Садат атып өлтүрүлгөн.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Инсандар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Анвар_Садат" булагынан алынды