Жон Стюарт Милль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
img
1-сап:
[[Файл:Stuart Mill G F Watts.jpg|thumb|250px|right|Милль, Жон Стюарт]]
== Кыскача өмүр баяны ==
[[File:Mill - Essays on economics and society, 1967 - 5499347.tif |thumb|''Essays on economics and society'', 1967]]
Милль, Жон Стюарт (1806—1873) — англиялык философ, экономист, коомдук ишмер. Милль Лондондо туулган. Анын атасы Жеймс Милль «Британиялык Индиянын тарыхын» жазган жана уулуна эң сонун билим берген. Он жашында ал грекче жана латынча шар сүйлөп, он бир жашында атасы жазган китепти окуганга жарап калат. 1823—1858-жылдарда Ост-Индия компаниясында кызмат өтөйт. Өзүнүн «Өмүр таржымалында» ал жаш курагын толук сүрөттөп жазат. Жыйырма жаш курагында өтө күчтүү депрессияны башынан өткөрөт, муну ал өзүнүн эмоциясынын начарлашы менен түшүндүрөт». Кийин бир китепти окуп отуруп ыйлайт, ошондо ал өзүндө али да терең эмоциялык сезим бар экенин түшүнүп, көңүлү ордуна келип, оңоло баштайт.<br />
 
== Миллдин философиялык көз карашы ==
Миллдин философиялык көз карашы Карлейлдин, Бентамдын, [[Конт, Огюст|Конттун]] таасири астында калыптанат. Ал XIX кылымдагы эң ири англиялык философ деп эсептелет, ал утилитаризмди үгүттөп, өнүктүргөн.<br />