Ак карагай: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
мNo edit summary |
||
1-сап:
[[Файл:Abies sibirica HDR.jpg|thumb|200px]]
'''Ак карагай''' - (Abies) - кызыл карагайлар тукумундагы [[дарак]] өсүмдүгү. Бийиктиги 30-65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин. Кабыгы агыш боз, жылмакай, 300-350 ж. өсөт. Ийне жалбырактарынын узундугу 2-3 см, жоондугу 0,2-0,3 см, бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы - жашыл, бышканы күрөң, узундугу 10-16 см. Уругу чоң, узундугу 1 смге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү жана бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борбордук Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кыргызстанда Семенов ак карагай Батыш Теңир-Тоонун реликт жана эндем түрү. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.
==Колдонулган адабияттар==
|