Батиаль зонасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Батиаль зонасы''', батиаль - (гр. bathes терең) [[деңиз]], [[океан]] түбүнүн материктик тайыздык менен океан таманынын аралыгын ээлеген зонасы; материктик капталдын тереңдигине дал келет. Бул экологиялык зонага улам тереңдөө, гидростатика басымынын жогорулашы (200500дөн 3000 м ге чейин), суусунун температурасынын акырындап төмөндөшү жана фотосинтездөөчү өсүмдүктөрдүн жоктугу, ошондой эле күн шооласынын өтө аз же жок болушу мүнөздүү. Түпкү тектер органогендик ылайдан (фораминифер скелеттик калдыктары, кокколитофорид ж. б.) турат. Суусунда автотрофтуу хемосинтездөөчү бактериялар кеңири таралган; омуроо буттуулар, деңиз чалгындары, ийне терилүүлөр, он буттуу рак сымалдуулар жана субагай куйрук балыктардын тукуму, көмүр балыктар байырлашат. Биомассасы негизинен айрым учурда ондогон г/м<sup>2</sup> менен берилет. Океан түптөрүндө батиаль чөкмөлөрү жатат.
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:География]]