Антропогендик факторлор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Антропогендик факторлор''' - [[Адамзат|адамзаттын]] иш-аракетинен пайда болгон факторлор. Алардын таасиринен бүгүнкү күндө өтө татаал экологиялык кырдаалдар (парниктик эффект, кислоталык жаан-чачын, токой аянттарынын кыскарышы, чөйрөнүн уулуу заттар менен булганышы жана башка) пайда болду. Булгоочу заттардын көбү азык заттар аркылуу адамга көптөгөн ооруларды алып келди. Адамзат коомунун жаратылышка тийгизген таасиринен масштабы глобалдык деңгээлге жетип, жашоо шартын төмөндөтүп жиберди. Терс кубулуштардын пайда болушунун эң негизги себептери - жерди экстенсивдүү пайдалануу, урбанизацияланган шаарлардын, кыштактардын, айыл чарба аянтынын кеңейиши жана башкалар. Техногендик факторлордун (аба жол транспорту, завод, фабрика куруу, космоско учуу жана башка) таасири астында табигый экосистемалардын аянттары кескин кыскарып жатат. Жылына нымдуу тропик токойлору 16,8 млн гектарга кыскарып, 6 млн га чөлдөр пайда болуп, кислоталык жаан-чачындан 50 млн га токойлор жабыркап, түшүмдүүлүгү асыл болгон 26 млрд о топурак чириндиси жоголуп, 25-30 миң өсүмдүк түрлөрү жок болуу чегинде. Натыйжада, биосфералык кызмат аткаруучу көптөгөн өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, микроорганизмдердин түрлөрү азайып, кээ бир түрлөр (тур, стеллерую жана башка) жер бетинен таптакыр жок болду. Ошондой эле биосферанын биологиялык продукциясы төмөндөп, экологиялык тең салмактуулук бузулуп, адам баласынын жашоосу үчүн өтө коркунучтуу глобалдык жана региондук экологиялык проблемалар пайда болууда. Бул биосфералык терс көрүнүштөр акырында келип коомдук деңгээлдеги саясий-экономикалык кризистерди пайда кылып, улуттук же мамлекеттик деңгээлдеги экологиялык-экономикалык апааттын пайда болушуна өбөлгө түзүүдө.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Антропология]]