Бий: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 134 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q11639 (translate me)
No edit summary
1-сап:
'''Бий''' искусствонун адамдын дене кыймылынын жардамы менен көркөм образ жаратуучу түрү. Бий түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден келип чыккан. Алгач бий сөз менен обонго байланыштуу болгон. Тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында музыка менен жашай турган өнөрдүн бир тармагына айланган. Жаратылыш кубулуштарын, аңчылык менен согуш көрүнүштөрүн белгилүү тартипке түшүрүлгөн ыргактуу кыймыл менен туюнтуу Байыркы Кытай жана Индияда эң жогорку деңгээлге жеткен. Байыркы Римде көңүл ачуу, ал эми Байыркы Грекияда тарбия каражаты болгон. Орто кылымда дин өкүлдөрү Европада бийчилерди куугунтуктаган. Кайра жаралуу доорунда Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө бий кайрадан өнүгүп, коомдук колдоого алынган. 16-кылымдын акырында балет өнөрү өзүнчө өнүгө баштайт. Францияда королдук бий академиясы (1661) уюшулат. 17-19-кылымда гавот, полонез, менуэт, мазурка, краковяк бийлери өнүгөт. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында бир катар Европа өлкөлөрү менен АКШда бийдин жаңы түрлөрүн киргизүүгө болгон далалат күчөйт. Бийлер элдик, балеттик, классикалык болуп бир нече түргө бөлүнөт. Балетмейстер Н. Холфин кыргыздын элдик оюндарынын, ырым-жырымдарынын, эмгек процесстеринин негизинде «Кийиз» деген туңгуч бийди, «Алтын кыз» музыкалык драмасына, «Айчүрөк» операсына бийлерди жаратты. Кийин ал «Анар», «Селкинчек» балеттерине элдик бийлерди көбүрөөк пайдаланган. «Чолпон», «Ала-Тоодогу жаз», «Куйручук», «Асел» ж. б. балеттери улуттук бийдин мыкты үлгүлөрүнө айланды. 1966-ж. кыргыздын элдик бий ансамбли уюшулган, к. «Акмарал» мамлекеттик бий ансамбли.
-искусствонун адамдын дене кыймылынын жардамы менен көркөм образ жаратуучу түрү. Б. түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардын эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден келип чыккан. Адегеде Б. сөз менен обонго байланыштуу болгон. тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында музыка менен жашай турган өнөрдүн бир салаасына айланган.<br /><br />
Адабияттар Ткаченко Т. С. Народный танец. М., 1954; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.
Б. Алагушов.
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
 
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бий" булагынан алынды