Антил аралдары (Нидерланддык): нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Антил аралдары (Нидерланддык)''', Нидерланд Антил аралдары - Нидерланд Королдугунун өзүн-өзү башкаруучу административдик бирдиги. Борбордук Америкадагы аралдар тобу, Вест-Индияда. Кариб деңизинде жайгашып, 6 аралды камтыйт. Ылымта аралдар тобундагы аралдар - Кюрасао, Бонайре, Клейн (же Кичи) Бонайре (элсиз), Айдарым аралдар тобундагы аралдар - Синт-Эстатиус, Саба жана Сен-Мартен. Аянты 800 км<sup>2</sup>ден ашык. Калкы 183,5 миң (2004); 90%тен ашыгы шаарда жашайт. Калкынын 80%тен ашыгын антил креолдору (негр жана мулат), жергиликтүү креол (папьяменто) тилинде сүйлөгөндөр түзөт, вест-индиялык креолдор (5%), суринамдыктар (3%), голланддар (0,55%), француздар (1%), АКШлык америкалыктар (1%) жашайт. Католик (73%), протестант (13%), мусулман жана башка диндерди тутат. Административдик борбору - Виллемстад шаары. Расмий тили - [[нидерланд тили]]. Ошондой эле папьяменто, англис тилдери да колдонулат. Акча бирдиги - антил гульдени. Административдик-аймактык жактан 5 аралга бөлүнөт. Аралдары жанар тоодон жана кораллдардан пайда болгон. Жээк тилкелери өтө тилмеленип, ыңгайлуу гавандары бар. Климаты деңиздик тропиктик, түндүктөгү аралдары нымдуураак. Айлык орточо температурасы түштүгүндө 27°С, түндүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 500-600 ммден 1000-1200 ммге чейин. Түндүк аралдарында июлдан октябрга чейин ураган болуп турат. Сен-Мартен аралында туздуу көл бар. Дайыма жашыл токой жана бадалдар өсөт. Кюрасао, Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба аралында деңиз астында парктар уюшулган. Экономикасынын негизин чет элдик туризм түзөт (жылына 700 миң турист келет; киреше 850 млн доллар). Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 11 400 доллардан (2003; АКШ) туура келет. Туризмдин негизги түрлөрү пляжда эс алуу, дайвинг жана сноркелинг. Башкы туристтик борборлору - Сен-Мартен (жылына 400 миң турист келет), Кюрасао (220 миң) жана Бонайре (50 миңден ашык). Офшордук банк бизнеси өнүгүүдө (борбору - Виллемстад).
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:География]]
|