Акушерлик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Акушерлик''' - (фр. accoucher - [[Төрөт|төрөткө]] жардам берүү), 1) медицинада - клиникалык медицинанын кош-бойлуу мезгилде, төрөт убагында, төрөттөн кийин аялдын организминде болуучу физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөрдү изилдөөчү бөлүмү. Ал - медициналык илимдин байыркы тармактарынын бири. Акушерлик аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн оорусу жөнүндөгү илим - гинекология менен тыкыс байланышта. Ал кошбойлууларга, төрөткө натыйжалуу жардам берүү жана төрөттөн кийин болуучу кабылдоолордун (кан кетүү, сепсис ж. б.) алдыналуу чараларын көрөт. Эне менен баланын саламаттыгын сактоо максатын көздөйт. 2) ветеринарияда - мал бооз мезгилинде туут жана андан кийинки учурда организмде өтүүчү физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөр ждөгү илим. Ал малды колдон уруктандыруунун теориялык жана практикалык маселелерин иштеп чыгат; малды өстүрүү маселелерин уюштуруу, туутуна жардам берүү ыкмасын үйрөтөт. Акушерлик анатомия, эмбриология, биохимия, микробиология, физиология, хирургия ж. б. жалпы теориялык жана практикалык илимдердин жетишкендиктерине таянат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Медицина]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Акушерлик" булагынан алынды