База: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
 
1-сап:
'''База''' (французча  base, латынча basis, грек. basis – кадам, таман, негиз, [[Англис тили|англ.]] base, нем. basis) спира (лат. spira, [[Грек тили|грек]]. speria – кайрылыш, бурулуш) – ордер түркүктөрү жана анын модификацияларын түзүүчү, негизги 3 бөлүктүн (капитель жана фуст менен бирдикте) бири; стилобатка жана тикелей фусттун пайдубалында жайгашат, стереобатка түркүктүн жана антаблементтин түркүк көтөрүп турган бөлүгүнүн оордугун берип турат. Дайыма (тектоника мыйзамдары талап кылгандай) өйдө жагына караганда ылдый жагы кенен келген татаал силуэттен турат. Төмөн жагында бир нече биринин үстүнө бири коюлган жапыз жана жазы бөлүктөрдөн турган чарчы плинти болот жана алардын үстүндө торус жана скоциялары бар. Алардын алга чыгып турган жана тереңдетилген бөлүктөрүнүн чебер айкалышы фусттун каннелюрларындагы тик көлөкөлөр менен контрасттык катыштагы туурасынан жайгашкан көлөкөлөрдүн эң сонун оюнун түзөт. Рим системасындагы 5 ордердин төртөө алардын ар бирине таандык өзгөчө Б-габазага ээ (композиттик түркүктөргө коринф Б-сыбазасы колдонулат). 3. грек ордерлеринин ичинен экөөнүн өзгөчө Б-ларыбазалары бар. (грек – доридалык ордерде Б.база жок). [[Рим]] системасында аттикалык Б.базасы дээрлик ар бир [[ордер|ордерде]] колдонулган.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/База" булагынан алынды