Бобулов Камбаралы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Бобулов Камбаралы''' (15.5.1936, [[Ош облусу]], [[Ноокат району]], Өсөр кыштагы 25.1.2003, [[Бишкек]]) белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер, КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1957-62-ж. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1963-65-ж. «Правда» гезитинин атайын кабарчысы, 1966-76-ж. «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1976-84-ж. Бүгкүл союздук авторлордун укугун коргоо агентчилигинин (ВААПтын) Кыргыз Республикасы боюнча бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген. КР дин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990), «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы (1992-2003) болгон. Депутат катары анын кыргыз тилинин айрым маселелерин чечүүдө жанүрөп иштегендигин жалпы эл колдоого алган. Бобуловдун кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. «Окуучунун каты» (А. Токомбаевге ачык кат, 1956), «Оморчулук деген эмне?» (1957), «Азыркы адабий сын жөнүндө пикирлер» (1958), «Махабат баяны» (1959), «Адабий турмуш ойлору» (1965), «Кыргыз прозасындагы реализмди өнүктүрүү жолдору» (1969), «Адабият жана мезгил» (1973), «Сын жана адабий процесс»
'''Бобулов Камбаралы (1936–2003)''' - cынчы, акын, прозачы.

(1976), «Фольклор жана адабият» (1980), «Жаңы тилке» (1991) аттуу сын макалалары жана жыйнактары жарыяланган. Бул эмгектеринде кыргыз адабиятынын тарыхы менен кийинки абалынын ар түрдүү маселелери, башка улуттук адабияттар менен карым-катыштары каралган. Бобулов 1969-ж. Орто Азия республикаларынын адабий сынчыларынын арасынан биринчи болуп Эл аралык сынчылардын бирикмесинин (МАЛК) мүчөсү болуп шайланган. Ч. Айтматовдун, Т. Сыдыкбековдун, А. Осмоновдун, Токтогулдун чыгармалары жөнүндө сын макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган жана айрымдары араб, болгар, грузин тилдерине которулган. Жазуучунун «Эркинбек» (1963), «Түштүк кызы» (1962) аттуу аңгеме, повесттеринде элет турмушу, андагы карапайым адамдардын тиричилиги, өз ара мамилелери, балдардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты сүрөттөлөт. Анын поэтикалык жыйнактары («Махабат аралы», 1971; «Таң шоокуму», 1977; «Акын кыялы», 1985; «Арман китеп», 1997) жарык көргөн. Ал Хафиздин казалдарын, грузин акыны А. Чавчавадзенин, каракалпак акыны Бердахтын лирикаларын кыргыз тилине которгон. Бобулов Даңк медалы менен сыйланган (1996).
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Камбаралы Бобулов 1936-жылы [[Ноокат району]]ндагы Өсөр айылында туулган.

1958-жылы [[Кыргыз мамлекеттик университети]]нин филология факультетин аяктаган.

1962-жылы КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясынын угуучусу,

1965-жылы ошол эле академиянын аспиранты болуп,

1966-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Эмгек жолун 1958-жылы «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

1963–1965-жж. «Правда» гезитинин Кыргызстан боюнча өз кабарчысы,

1966-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору,

1976–1982-жж. ВААПтын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору,

1982-жылдан [[Кыргыз ССР]] Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун сектор башчысы,

1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда көркөм котормо боюнча кеңешчи болуп иштеген.

1992-жылдан республикалык «Кыргыз тил» коо-мунун президенти,

1990–1994-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун сын боюнча,

1969-жылдан сынчылардын Эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болуп шайланган.

К.Бобуловдун чыгармалары орус тилинде дагы жарык көргөн.

Ал Хафиздин, И.Чавчавадзенин, каракалпак жазуучусу Бердахтын ырларын жана поэмалардан үзүндүлөрүн которгон.
1959-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, 1995-жылы «Манас эпосуна 1000 жыл», 1996-жылы «Даңк», 2000-жылы «Ош–3000» медалдары, Кыргыз ССРинин жана ВЛКСМ БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

'''ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ'''

''Кыргыз тилинде''

'''Айлуу түндө күйгөн от:''' Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 72 б.

'''Түштүк кызы:''' Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 163 б.

'''Эркинбек:''' Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 49 б.

'''Адабий турмуш ойлору:''' Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 176 б.

'''Махабат аралы:''' Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 118 б.

'''Адабият жана мезгил:'''Адабий сындар менен публицистикалык макалалар.–Ф.: Кыргызстан,1973.– 196 б.

'''Таң шоокуму:''' Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 108 б.

'''Фольклор жана адабият:''' Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 268 б.

'''Түштүк кызы:''' Повесть, аңгемелер, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 256 б.

'''Акын кыялы:''' Ыр китеп. – Ф.: Мектеп, 1985. – 284 б.

'''Армандуу биздин балалык:''' Повесттер жана жол очерки. – Ф.: Мектеп, 1988. – 288 б.

'''Токтогулдун кербези.''' – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 42 б.

'''Жаңы тилке:''' Адабий иликтөөлөр жана сын макалалар. – Б.: Адабият, 1991. – 352 б.

'''Арман китеп:''' Ырлар. – Б.: Акыл мамконцерни, 1997. – 208 б.

''Орус тилинде''

'''Девушка с юга:''' Повесть. – М.: Сов. писатель, 1964. – 175 с.

'''Традиции и новаторство в киргизской прозе.''' – М.: Мысль, 1966. – 16 с.

'''Проблемы традиций и новаторства в киргизской прозе.''' – М.: Мысль, 1966. – 16 с.

'''Девушка с юга:''' Повесть. – М.: Худож. лит., 1969. – 110 с.

'''Пути развития ревлизма в киргизской прозе.''' – Ф.: Мектеп, 1969. – 167 с.

'''Критика и литературный процесс:'''Литературно-критические статьи. – Ф.: Кыргызстан, 1976.–210 с.

'''Остров любви:''' Книга стихов. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 237 с.

'''Крик сердца:''' Книга стихов. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 160 с.

'''Бессмертная песнь Токтогула.''' – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 42 с.

''Башка элдердин тилдеринде''

'''Девушка с юга:''' Повесть. – Рига: Лиесма, 1972. – 90 с. – лат.

''КОТОРМОЛОРУ''

'''Бердак.''' Өмүр ырлары. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 104 б.

'''Хафис.''' Казалдар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 50 б.
{{no iwiki}}
[[Категория:Акындар]]