Аюу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Аюу''' (Ursus arctos), (Linnaeus, 1758):
'''Аюу''' - дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде эзелтеден тотемдик жаныбар катары белгилүү. Байыркы түрк тилдеринин диалектилеринде бул сөз «aziq», «adiq» формаларында айтылганы маалым. Учурда туваларда жана хакас тилинин айрым диалектилеринде бул жаныбардын аталышы «адыг», «азыг» түрлөрүндө айтылары аныкталган. Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде, өзгөчө саха- якуттарда аюуга байланыштуу табу («тыюу салуу») кенен таралганы анык. Мындан сырткары, аюуга байланыштуу бир топ эвфе- мизмдер белгилүү. Мисалы, саха-якуттар аюуну «өхө» (чоң ата), хакастар - «аба» (ата), алтайлыктар - «абага» (тайаке, ага), тувалар - «ава» (эне, апа) деп аташат. Тунгус-манжур тилдүү элдерде (эвенктерде) «манги» аюу келбеттүү адамды элестетип, ата-бабалардын духунун мифологиялык символу, шамандардын башкы колдоочусу катары түшүнүк аныктаган. «Манги» сөзүнүн семантикасы учурда «аюу», «ата-бабалардын духу» маанисин аныктайт. «Тайганын кожоюну» деген ат менен белгилүү болгон бул жаныбар бүгүнкү күндө да бугу, жолборс, бүркүт сыяктуу кайберендер менен бирге тотемдик ыйык жаныбар катары белгилүү болуп келет. Изилдөөчүлөр адамзат коомунун өнүгүүсүндөгү энелик доордогу коллективдүү чарба жүргүзүү (коллективдүү аң уулоо) менен байланышына токтолушат. Сибирдин көпчүлүк элдеринде аюуга байланыштуу жамааттык түлөө өткөрүү ритуал-майрамы сакталып келери маалым. Айрым изилдөөчүлөр Түштүк Сибирде тунгус-манжур урууларына чейин «манги» («аюу») аттуу уруу жашаганын далилдеп келишет. Бул этностук аталыштар кыргыздарда эзелтеден эле белгилүү десе болот. Параллелдери башкыр, өзбек- коңураттарда бар. Аюу - кыргыздын ават, бөрү, чекир саяк урууларынын курамдарындагы уруктар катары белгилүү.
==Жалпы жана өлкөдө таралышы==
 
Негизинен бийик тоолорду мекендейт. Аюулар Кыргызстанда өрөөндөрдөн башка бүткүл территорияларды ээлейт. Аюулар жашаган жерлер белгилүү: Тескей жана Күнгөй Алатоо, Нарын, Атбашы, Кыргыз, Талас, Чаткал, Фергана, Алай жана Заалай сыртындагы тоо кыркалары . Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Индия, Непал, Пакистан жана Афганистан .
==Жашаган аймактары==
Негизинен бийик тоолуу аймактар.
==Саны==
Өткөн кылымдын 70-жылдарында Чаткал тоо кыркаларынын жаңгак-мөмөлүү токойлорунда аюунун саны бир кыйла көп болгон. Ушул зоналарда 1 миң гектарда түрдүн жыштыгы 0,6-0,8 башка жеткен. Сарычелек коруктун 10-12 миң гектар территориясында түргө жагымдуу жерлерде 26 баш саналган. 1964-жылы Фергана тоо кыркаларынын чыгыш бетинде аңчылыктардын изилдөөлөрү боюнча 200 миңге жакын гектар аянтта аюунун жалпы саны 200-250 башты түзгөн. Ошондой эле Фергана тоо кыркасынын калган территорияларында, дагы Бабашата, Чандалаш, Пскем жана Талас тоо кыркаларында жашашы белгилүү. Тескей Алатоо, Кыргыз тоо кыркаларында жана Ички Тянңшанда 40 миң гектар территорияда 1-2 аюу гана саналган . Акыркы 10 жыл ичинде бардык жерлерде саны кескин азайды . Аюунун саны төмөн, бул жырткычка мүнөздүү эмес.
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Суткалык жашоо тиричилиги даана бөлүнгөн эмес. Эртең менен жана кечкисин азыктанууга чыгат. Туруктуу сезондук көчүүнү аюулар жасашпайт, белгилүү гана жерлерде болот, бирок тоют издеп же бир нерсени кууп убактылуу башка жерлерге көчүшөт. Жашоо тиричилик өзгөчөлүктөрүнүн бир кызыктуу жагы – анын кышкы чээнге кириши. Адегенде анча терең эмес кышкы уктоого кирет, андан кийин кыштын жарымына жеткенде, алар бара-бара катуу уктоого өтүшөт. Көбүнчө кышкы ийинин жардын же зоолордун жаракаларына салат. Аюунун кууту июнң-июлң айларында жүрөт. Ушул убакта бир нече эркектери ургаачысын ээрчип жүрөт. Кээбирде эркектеринин ортосунда өлүмгө алып келүүчү талаш-тартыштар болот. Декабрдын аягында – январдын башында аюунун ийининде мамалагы туулат. Аны 6 ай көтөрөт. Ургаачысы көбүнчөсүн 2, чанда 3 көзү ачыла элек келген мамалакты тууйт, ар биринин салмагы 500 г дан ашпайт. Жыныстык жагынан алар 3 жашка жеткенде жетилет .
==Чектөөчү факторлор==
Браконңерлик.
==Көбөйтүү (колдо багуу)==
Колдо көбөйтүү боюнча маалыматтар белгилүү.
==Уюштурулган коргоо аракеттери==
СССРдин жана Кыргыз ССРинин Кызыл китептерине киргизилген. 1986-жылдан тартып азыркы убакытка чейин ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстандын коруктары менен заказниктеринде башка жаныбарлар менен бирге коргоого алынган.
==Коргоо үчүн зарыл аракеттер==
Анын чогулган жеринде жаңы коруктар менен заказниктерди уюштуруу. Жергиликтүү элдердин арасына түшүнүк иштерин жүргүзүү. Ушул түрчөнүн биологиясы начар изилденгендиктен көңүл буруу зарыл.
==Статусу==
VII категория, Lower Risk/least concerned, LR/lc. Ареалы менен саны кыскарып бара жаткан түр. U.a.isabellinus Horsfeld, 1826 түрчөсү кездешүүдө. Республиканын территориясында аюунун сейрек түрчөсү.
[[Категория:ЭтнографияЗоология]]
[[Категория:Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]] 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
*[[Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О.Каратаев]], [[Эралиев, Салайдин Нуралиевич|С.Эралиев]]. [[Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк]].Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
[[Категория:Этнография]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аюу" булагынан алынды