Борбор Азия: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: fa:آسیای میانه |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Борбордук азия''' [[Евразия материги|Евразия материгинин]] ичкп бөлүгүн ээлеген табигый аймак; субконтинент. Ал Борбордук [[Казакстан|Казакстанды]], Туран ойдуңун, Балкаш боюн, Түндүк-Батыш Кытай менен Орто Азиянын тоолорун жана түздүктөрүн, Түштүк [[Моңголия]] жана Түндүк Кытайдын түздүктөрү менен бөксөтоолорун, Түндүк Кытайдын түздүктөрү менен бөксөтоолорун, Түндүк Моңголияны, Памир, Гиндукуш, Каракорум, Куньлунь, Алтынтаг, Наньшань тоолорун, Тибет тайпактоосун өзүнө камтыйт. Түндүгүнөн Батыш Сибирь түздүгү, Түштүк Сибирь тоолору, чыгышынан Чыгыш Азия, түштүгүнөн Түштүк Азия, батышынан Түштүк Урал жана Мугалжар, Каспий бою ойдуңу, түштүк-батышынан Иран тайпактоосу менен чектешет. Региондун чеги боюнча түрдүү пикирлер болгон. Борбордук Азия деген түшүнүктү алгачкы жолу А. Гумбольдт 19-кылымдын ортосунда киргизген. Ал өзүнүн 3 томдуу «Борбордук Азия» аттуу монографиясында (1843) Азиянын чөл ландшафттуу, океандан алыс жайгашып, туш тарабынан тоолор менен курчалган бүт аймагын Борбордук Азия деп, ага Орто Азияны жана Тибетти кошкон. Орус геологу жана географы В. А. Обручев Куньлунь тоолорунан түндүк тараптагы бөксөтоолуу, чөлдүү аймакты Борбордук Азия деп атаган. Геолог В. М. Синицын региондун өзгөчөлүгүн туш тарабынан тоолор менен курчалып, материктин ички бөлүгүндөгү абалы, климатынын ариддүүлүгү, сыртка агып чыккан дарыяларынын жоктугу түзөт деп белгилеген. Бул белгилери боюнча ал Борбордук жана Орто Азиянын ички ойдуңдарын, Тибеттин басымдуу бөлүгүн (чыгышынан башкасын), Чыгыш Памирди камтыйт.
Азияны изилдеген белгилүү илимпоз Э. М. Мурзаев Борбордук Азияга түндүктө мурдагы СССРдин мамлекеттик түштүк чегарасынан түштүктө Тибет тайпактоосунун түштүк чет-жакасына чейинки аймакты киргизген. СССР ыдырагандан кийин Орто Азия республикаларынын аймагы да Борбордук Азиянын курамында каралууда.
Субконтинеттин табиятынын жалпы өзгөчөлүгүн региондун материктин борбордук бөлүгүндө, кескин континеттик климат өкүм сүргөн мелүүн жана субтропиктик алкактарда жайгашкандыгы аныктайт; абанын температурасынын амплитудасы 90°Сге жетет; кышы өтө суук. Бийик жана салыштырмалуу жапыз тоолор жана дөңсөөлөр менен курчалган ойдуңдар басымдуу. Бийиктик амплитудасы өтө зор. Турпан ойдуңу деңиз деңгээлинен -154 м төмөн, ал эми Каракорум тоосундагы Чогорп чокусу 8611 м бийик жайгашкан. Илимпоздордун пикири боюнча Куньлунь, Наньшань жана башка тоолор акыркы 10 миң жыл ичинде 1300-1500 м көтөрүлгөн. Климатынын ариддүүлүгү региондун материктин борбор бөлүгүндө жайгашканына жана ойдуңдуу рельефине байланыштуу. Климатка жараша табияттын башка компоненттери да өзгөчөлөнөт. Мисалы, тоо капталдарынын эрозиясы плювиал мезгилдеринде гана жүргөн; суунун таңкыстыгынан муз каптоо дээрлик болгон эмес; байыркы тайпак жондор сакталган; азыркы денудация жай жүрүп, аларды негизинен үбөлөнүү процесси, корумдар, мезгил мезгили менен аккан агын суулар түзөт; тоотек сыныктары алыс шиленип кетпей, тоо капталдарында гана топтолот («кесек тектерге көмүлгөн тоолор»); жер астындагы суулары терең жатып, көбүнчө минералдашкан; агын суулары сыртка агып чыкпаган туюк облусту түзөт; дарыялары сууга жарды; көлдөрү көбүнчө туздуу, чанагы туруксуз, «жолбун суулар жана көлдөр» мүнөздүү; чөл, жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары үстөмдүк кылып, алардын астында коңур, бозомук-коңур, айрым жерлеринде каштан топурактары өөрчүйт; шор жерлер кеңири таралган; өсүмдүктөрү жана жаныбарлары кургакчыл шартка байымдуу. Борбордук Азиянын калкы аймак боюнча бир кылка отурукташкан эмес. Негизинен дарыя өрөөндөрү, суусу бар тоо аралык ойдуңдар, ошондой эле климаты салыштырмалуу жагымдуу келген түндүктөгү айрым жерлери өздөштүрүлгөн. Калк дээрлик жашабаган зор аймактары да кездешет. Суунун таңкыстыгынан табигый ресурстары да дээрлик пайдаланыла элек. Ушуга байланышгуу субконтинетте табияты салыштырмалуу аз өзгөргөн табигый комплекстүү зор аянттар да кездешет. Региондо үстөмдүк кылган организм үчүн экстремалдык экологиялык шарт Борбордук Азияны өздөштүрүүдө өтө кылдат мамилени талап кылат. Борбордук Азияда төмөнкү өлкөлөр жайгашкан: Кытай (басымдуу бөлүгү), Моңголпя, Казакстан, [[Кыргызстан]], [[Өзбекстан]], [[Тажикстан]], [[Түркмөнстан]].
Адабияттар: Мурзаев Э. М. Природа Синьцзяна и формирование пустынь Центральной Азии. М., 1966; Синицын В. М. Центральная Азия. М., 1959; Петров М. П. Пустыни Центральной Азии. Т. 1—2. М.; Л., 1966; Притула Т. Ю., Ерлмина В. А., Спрялин A Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Category:Кыргыз таануу]]
|