Арид өсүмдүктөрү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

3 июль 2015, саат 03:23 учурдагы нуска

Арид өсүмдүктөрү (латынча aridus - кургак) - ным жетишсиз аймакта (чөл, жарым чөл) өсүүгө ылайыкташкан өсүмдүктөр. Алар аба температурасы суткалык жана жылдык кескин өзгөргөн, жаан-чачын жаабаган же өтө аз жааган шартта өсөт. Негизинен тропик жана субтропик алкактарда кеңири таралган. Ксерофиттер жана галофиттер кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Физиол. байырлануунун негизинде транспирация, азыктануу, фотосинтез, дем алуу жана б. физиол. процесстер өзгөрөт. Тез ысып кеткенде өсүмдүктүн субмикроскопиялык структурасы акырындап бузулуп, узакка созулган ысыкта белогу да бузулат. Өсүмдүктө анатомиялык жана морфологиялык өзгөрүштөр (жалбырактын кичирейиши, түктүүлүк, мом катмары жана б.), байкалат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн уругу да ысыкка чыдамдуу келет. Арид өсүмдүктөрүнүн ар кандай байырлануу жолдору маданий өсүмдүк сортторун чыгарууда селекцияда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар