Бий: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Бий''' — уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын таламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865-66-ж. Россия падышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык бийге, болуштук бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы менен болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927-28-ж. казы жана бий соту жоюлган.
'''Бий''' искусствонун адамдын дене кыймылынын жардамы менен көркөм образ жаратуучу түрү. Бий түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден келип чыккан. Алгач бий сөз менен обонго байланыштуу болгон. Тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында музыка менен жашай турган өнөрдүн бир тармагына айланган. Жаратылыш кубулуштарын, аңчылык менен согуш көрүнүштөрүн белгилүү тартипке түшүрүлгөн ыргактуу кыймыл менен туюнтуу Байыркы Кытай жана Индияда эң жогорку деңгээлге жеткен. Байыркы Римде көңүл ачуу, ал эми Байыркы Грекияда тарбия каражаты болгон. Орто кылымда дин өкүлдөрү Европада бийчилерди куугунтуктаган. Кайра жаралуу доорунда Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө бий кайрадан өнүгүп, коомдук колдоого алынган. 16-кылымдын акырында балет өнөрү өзүнчө өнүгө баштайт. Францияда королдук бий академиясы (1661) уюшулат. 17-19-кылымда гавот, полонез, менуэт, мазурка, краковяк бийлери өнүгөт. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында бир катар Европа өлкөлөрү менен АКШда бийдин жаңы түрлөрүн киргизүүгө болгон далалат күчөйт. Бийлер элдик, балеттик, классикалык болуп бир нече түргө бөлүнөт. Балетмейстер Н. Холфин кыргыздын элдик оюндарынын, ырым-жырымдарынын, эмгек процесстеринин негизинде «Кийиз» деген туңгуч бийди, «Алтын кыз» музыкалык драмасына, «Айчүрөк» операсына бийлерди жаратты. Кийин ал «Анар», «Селкинчек» балеттерине элдик бийлерди көбүрөөк пайдаланган. «Чолпон», «Ала-Тоодогу жаз», «Куйручук», «Асел» ж. б. балеттери улуттук бийдин мыкты үлгүлөрүнө айланды. 1966-ж. кыргыздын элдик бий ансамбли уюшулган, к. «Акмарал» мамлекеттик бий ансамбли.
[[Категория:Этнография]]
Адабияттар Ткаченко Т. С. Народный танец. М., 1954; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.
Б. Алагушов.
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук[[“Кыргызстан” энциклопедияулуттук энциклопедиясы»]]: 2-том. /Башкы ред.редактору Асанов Ү. А. К 97 . Б.: Мамл.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

[[Балдар бий]]

[[Элдик бий]]

[[Классикалык бий]]

[[Балет]]

{{commons|Category:Dance}}

[[Category:Көркөм өнөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бий" булагынан алынды