Болот: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Болот''' темир менен көмүртекти, башка элементтерди (марганец, кремний, күкүрт, фосфор жана башка) кошуп, эритип алынган элпек иштетилүүчү (деформациялануучу) куйма. Ал химиялык курамы боюнча көмүртектүү болот, ал эми курамына көмүртектен тышкары хром, никель, молибден кошулса, легирленген болот болуп айырмаланат. Болот алуунун көп процесси бар (к. Болот эритүү). Болот өндүрүшүнүн негизги агрегаттары: конвертор, Mapmen меши, электр меши. Жогорку сапаттагы болотту алыш үчүн тазартылган эритмелер колдонулат. Химиялык түзүлүшүнө карай ал көмүртектүү жана маңыздалган деп бөлүнөт. Маңыздалган болоттун түзүлүшүнө маңыздоочу элементтер (хром, никель, молибден, вольфрам, титан жана башка) кирип, анын сапатын жогорулатат. Маңыздоочу элементтер тамга жана сан менен белгиленет. Мисалы, 3x13 деген болоттун тутумунда 0,3% көмүртек, 13% хром; 2х17Н2де 0,2% көмүртек, 17% хром, 2% никель бар. Эгер тамгадан кийин сан жок болсо, маңыздоочу элементтин тутуму 1,5%тен ашпаган болот. Болот структурасы кадимки (бөлмөдөгү) температурада бекемдик касиети төмөн, бирок жумшак феррит жана катуулук, бекемдик касиети өтө жогору цементит бөлүкчөлөрүнөн туруп, механикалык, оптикалык, электрдик, жылуулук өткөргүчтүк касиеттери жакшы материал болгондуктан, машина курууда кеңири керектелет. Болоттун механикалык касиеттерин жакшыртуу максатында термиялык же химия-термиялык иштетүүлөр колдонулат. Пайдаланылышына жараша курулуштук, аспаптык жана өзгөчө физика-химиялык касиеттеги болот деген класстарга бөлүнөт (к. Аспаптык болот). Дат басуудан сактоо үчүн болоттун сырткы бети хром, цинк, коргошун жана башка менен жалатылат. Болот өндүрүшүнүн өлчөм-ченеми мамлекеттин техника-экономикалык өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт.
'''Болот''' — [["Манас" эпосу]]нун эпизоддук кейипкери, [[Кыз Сайкал|Кыз Сайкалдын]] кырк чоросунун башчысы. Сайкалга байланыштуу эпизоддордо жана Манас Карачадан [[Аккула|Аккуланы]] сатып алгандагы эпизоддо катышат.
[[Категория:"Манас" эпосуХимия]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
''Манас'' энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
{{no iwiki}}
[[Категория:"Манас" эпосу]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Болот" булагынан алынды