Difference between revisions of "Бор"

1,581 bytes removed ,  5 жыл мурун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Бор''' чөкмө тоотек; акиташ тегинин бир түрү. Жаратылыштагы бордун 91-99% органикалык калдыктардын көмүр кычкыл кальцийинен (кальциттен) турат. Кээ бир түрүндө алардан башка кварц, талаа шпаты сыяктуу минералдардын өтө майда бөлүкчөлөрү болот. Өңү ак, начар камдашкан, оңой жугат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1. Органикалык жана химиялык жолдор менен бор мезгилинде пайда болгон акиташтегинин арасында жолугат. Бор цемент, айнек өндүрүшүндө жана химиялык өнөржайында боёк, резина, парфюмерия жана башка даярдоодо пайдаланылат.
'''Бор''' (лат. Borum), B элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Атомдук номери 5, атомдук массасы 10,811. Туруктуу 2 изотобу <sup>10</sup>В жана <sup>11</sup>В бар. 1808-ж. фр. химиктер Л. Ж. Тенар, Л. Ж. Гей-Люссак таза түрүндө бөлүп алышкан. Жер кыртышындагы массасы 3 Q.0<sup>-3</sup> % . Табиятта бирикмелер түрүндө гана кездешет. Металл эмес, кара түстөгү кристалл, эрүү t 2075°С. Катуулугу боюнча алмаздан кийинки 2-орунда турган диамагниттүү зат. Температура жогорулаган сайын электр өткөргүчтүгү артат. Бирикмелеринде үч валенттүү. Абада 700°С ге чейин ысытканда В<sub>2</sub>О<sub>3</sub>кө айланат, суутек (Н<sub>2</sub>) менен реакцияга кирбейт. Жогорку температурада галогендер менен кошулуп, галогениддерди BJ<sub>3</sub>, азот менен нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен бориддерди пайда кылат. Күкүрт жана туз кислоталарында эрибейт; азот кислотасы менен «падыша арагында» бор кислатасына чейин кычкылданат. Жегичтер менен кошуп ысытканда бораттар алынат. Ал В<sub>2</sub>0<sub>3</sub> жана ВС1<sub>3</sub>тү калыбына келтирүүдөн, NaBF<sub>4</sub>тү электролиздөөдөн алынат. Ядролук техникада цемент, айнек өндүрүшүндө жана химия өнөржайында боёк, кагаз, резина жана башка өндүрүүдө колдонулат. Түстүү куймаларды, болотту алууда, алардын сапатын жакшыртуу максатында аз санда бор кошулат. Температура 600°С ге чейин көтөрүлгөндө, анын ток өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 эсе жогорулайт, ошондуктан жарым өткөргүч катары пайдаланылат.
[[Категория:ХимияГеография]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4