Девальвация: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Девальвация''' (лат. de – төмөндөө, ылдыйлоо, жокко чыгаруу деген кыймыл-аракетти билдирүүчү койунду жана valeo – мааниге ээ болом, наркым) – улуттук [[Валюта|валютанын]] расмий курсунун чет өлкөлүк валютага, ошондой эле эл аралык валюталык эсеп бирдигине (СДР, ЭКЮ, евро) карата төмөндөшү же алтын акча бирдигинин мыйзам чегинде (алтын стандартта) азайышы. Девальвация [[Акча жүгүртүмү|акча жүгүртүүнүн]] жана валюта курсунун турукташуу ыкмасы катары колдонулат. Алтын стандарттын алынгандыгына (1930) байланыштуу девальвация валюта саясаты катары пайдаланылат. Олку-солку валюта курсунун системасында девальвация импортту (жергиликтүү валютада) кымбатыраак, экспортту (арзаныраак) кылат, анын натыйжасында импорт кыскарып, экспорт өсөт да, төлөм балансынын тартыштыгы жоюлат. Белгиленген валюта курсу системасында девальвация административдик тартипте жүзөгө ашырылат. Ал төлөм балансындагы тең салмакка жетүүсү көп факторлор менен шартталган: 1) экспорт менен импорттун баанын өзгөрүшүнө кабылдагычтыгы; 2) [[Экспорт|экспортту]] көбөйтүү жана импортту алмаштыруу үчүн эркин ресурстардын болушу; 3) ички баалардын бир деңгээлде өсүү темпин же башка өлкөлөрдөгү инфляциядан төмөндөгөн темпти колдоо максатында инфляцияны көзөмөлдөө. Девальвация натыйжалуулугун көтөрүү максатында айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөр экспорт жана импорт боюнча жиктелген алымдарды жана субсидияларды пайдаланышат.
'''Девальвация''' (лат. de – төмөндөө, ылдыйлоо, жокко чыгаруу деген кыймыл-аракетти билдирүүчү койунду жана valeo –мааниге ээ болом, наркым) – 1) дүйнөлүк акча стандартына карата улуттук валюта наркынын төмөндөп кетүүсү; 2) валютанын ырасмий курсунун түшүп кетиши; инфляциядан кийин валютаны турукташтыруу усулу: а) ачык Д. – курсу түшкөн кагаз акчаны жүгүртүүдөн алып салуу же наркы таптакыр эле түшүп калган акчаны кандайдыр бир деңгээлде алтын байланышкан курс боюнча өзүнүн наркын туруктуу сактап турган кредиттик акчага алмаштыруу; б) көмүскө Д. – баасы түшкөн кагаз акчага жараша акча бирдигинин чыныгы алтын наркынын мамлекет тарабынан төмөндөтүлүшү (мында, мурдагы кагаз акча жүгүртүүдө кала берет).
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
{{no iwiki}}
 
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
[[Категория:Экономика]]