Узеир Гажибеков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

9 июль 2015, саат 05:46 учурдагы нуска

Гажибеков Узеир Абдул Гусейин оглы - [5(17).9.1885, Шушага жакын Агжабеда кыштагы 23. 11. 1948, Баку] композитор жана коомдук ишмер, азербайжан профессионал музыкасына негиз салган. СССРэл артисти (1938), Азербайжан ССР ИАнын академиги (1945). Москва филармониясында жана Петербург консерваториясында окуган. Анын туңгуч операсы «Лейли-Мажнун» (1908) азербайжан музыкасына жаңы багыт берген. Ал «Рустам-Зухраб»(1910), «Асли-Керем» (1912),«Көр уулу» (1937) операларын, «Эрди-катын» (1909),«Аршин мал алан» (1913) музундугу комедияларын, Азербайжан ССР мамлекеттик гимнинин музыкасын (1945) жазган. Композитор кантаталары, увертюралары менен азербайжан симфониялык музыкасыназор үлүш кошкон, азербайжан эл аспаптар оркестри үчүн ыр, хор жана башка чыгармаларды жараткан. СССР Жогорку Советинин 1-2шайланышынын депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1946). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Аршин мал алан» музыкалык комедиясы ийгилик менен коюлган.Ад.: Виноградов В. Узеир Гаджибеков и азербайджанская музыка. М., 1938; Аббасов А Узеир Гаджибеков и его опера «Кёр-оглы». Баку, 1966.

Колдонулган адабияттар