Гаити: нускалардын айырмасы
Бот: автоматизированный импорт статей |
(Айырма жок)
|
9 июль 2015, саат 05:48 учурдагы нуска
Гаити - (байыркы аты Кискея) Чоң Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи менен чулганат. Куба аралынан Айдарым, Пуэрто-Рико аралынанМона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миң км2. Жанартоо жана чөкмө тоотектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр менен бөлүнгөн 4 кыркатоо бар). Бийиктиги 3175 мге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эң бийик жери). Жер көп титирейт. Деңизге караган Түндүк-чыгыш жанаТүштүк капталдарында дайыма жашыл жана аралаш тропик токою, батышы менен ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой жана бадал; эң бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу жана башка токой өсөт. Аралда ГаитижанаДоминикан Республикасы жайгашкан. 1492-ж. Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4