Difference between revisions of "Венгрия"

no edit summary
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Венгрия''' - (Magyarorszfg), Венгр Республикасы (Magyar Koztfrsasfg) Борбордук Европадагы мамлекет, Дунай дарыясынын алабынын борбордук бөлүгүндө. Түндүгүнөн Словакия, чыгышынан Украина жана Румыния, түштүгүнөн Сербия менен Черногориянын, ошондой эле Хорватия менен Словениянын мамлекеттик биримдиктери, батышынан Австрия менен чектешет. Аянты 93,0 миң км<sup>2</sup>. Калкы 10,06 млн (2006). Борбору Будапешт шаары. Мамлекеттик тили венгр тили. Акча бирдиги форинт. Административдик аймагы жактан 19 облустан (медье), республикага баш ийген 1 шаардан (Будапешт) турат.<br />
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):
 
{| class="prettytable"
|-
|
Облус (медье)
 
|
Аянты,
 
км2
 
|
Калкы,
 
миң
 
|
Административдик
 
борбору
 
|-
|
Баранья
 
|
4429,5
 
|
396,3
 
|
Печ
 
|-
|
Бач-Кишкун
 
|
8445,1
 
|
538,3
 
|
Кечкемет
 
|-
|
Бекеш
 
|
5631,0
 
|
388,5
 
|
Бекешчаба
 
|-
|
Боршод-Абауй-
 
Земплен
 
|
7247,2
 
|
733,8
 
|
Мишкольц
 
|-
|
Ваш
 
|
3336,2
 
|
262,0
 
|
Сомбатхей
 
|-
|
Веспрем
 
|
4429,8
 
|
362,4
 
|
Веспрем
 
|-
|
Дьёр-Мошон-Шопрон
 
|
4208,5
 
|
438,1
 
|
Дьёр
 
|-
|
Зала
 
|
3784,1
 
|
292,1
 
|
Залаэгерсег
 
|-
|
Комаром-Эстергом
 
|
2265,1
 
|
312,9
 
|
Татабанья
 
|-
|
Ноград
 
|
2544,2
 
|
215,0
 
|
Шальготарьян
 
|-
|
Пешт
 
|
6393,5
 
|
1138,4
 
|
Будапешт
 
|-
|
Сабольч-Сатмар-Берег
 
|
5936,4
 
|
586,8
 
|
Ньиредьхаза
 
|-
|
Тольна
 
|
3703,3
 
|
245,6
 
|
Сексард
 
|}
 
 
{| class="prettytable"
|-
|
Фейер
 
|
4358,8
 
|
427,4
 
|
Секешфе-
 
хервар
 
|-
|
Хайду-Бихар
 
|
6210,6
 
|
546,7
 
|
Дебрецен
 
|-
|
Хевеш
 
|
3637,4
 
|
319,3
 
|
Эгер
 
|-
|
Чонград
 
|
4262,7
 
|
418,0
 
|
Сегед
 
|-
|
Шомодь
 
|
6035,9
 
|
329,0
 
|
Капошвар
 
|-
|
Яс-Надькун-Сольнок
 
|
5581,7
 
|
410,1
 
|
Сольнок
 
|-
|
Будапешт (респ-га баш ийген шаар)
 
|
 
 
525,2
 
|
 
 
1700,0
 
|
 
 
|}
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Венгрия унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынган (1989, 1997, 2003-ж. өзгөртүүлөр киргизилген). Башкаруу формасы парламенттпк республика. Мамлекет башчысы президент, парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат (экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигининин жогорку органы бир палаталуу Мамлекеттик чогулуш (386 депутаттан турат, 4 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат. Саясий партиялары: Венгрия демократиялык форуму, Христиан-демократиялык элдик партия, Эркин демократтар союзу, Венгрия социалистик партиясы ж. б.