Виолончель: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

13 июль 2015, саат 03:54 учурдагы нуска

Виолончель (италиялык violencello кичирейтүү, violonе контрабас) – скрипка түркүмүнө кирген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу музыкалык аспап. Жалпы узундугу 1550-1560 мм, турпатынын узундугу 760 мм. Кылдары квинтага күүлөнөт. Диапазону 5 октавага жетет. Ансамблде, оркестрде (айрыкча симфониялык оркестрде 12ге чейин) жана жеке номерлерди аткарууга колдонулат. 16-кылымдын башында пайда болгон. 17-18-кылымдарда италиялык усталар А. Амати, Ж. Гварнери, орус усталары И. А. Батов, Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Подгорный ж. б. Виолончелдин мыкты үлгүлөрүн жасашкан. Композиторлор И. С. Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостакович ж. б. В. үчүн концерттерди, сюиталарды, сонаталарды жазышкан.

Колдонулган адабияттар