Вирусология: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 51 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q7215 (translate me) |
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан *** |
||
1-сап:
'''Вирусология''' (латынча virus уу жана ...логия) – вирустар жана вирус оорулары жөнүндөгү илим. Вирусология 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар жана кишиде кеңири таралгандыктан, Вирусология медицина жана биология илимдеринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, медициналык, ветер., өсүмдүк жана жаныбарлардын Вирусологиясы жана молекулалык биология болуп бөлүнөт. Жалпы Вирусология вирустардын табиятын, молекулалык түзүлүшүн, тиричилигин, көбөйүшүн, таралуусун, биохимиялык касиеттерин, генетикасын, кишиге, айбанат жана өсүмдүк дүйнөсүнө тийгизген зыянын, пайдасын ж. б. изилдейт. Медициналык Вирусология оору козгоочу вирустарды, алар пайда кылган оорулардын алдыналуу, диагноз коюу жана дарылоо чараларын иштеп чыгат. Кыргызстанда Вирусологиялык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Биотехнология институтунда жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Микробиология, эпидемиология жана гигиена илимий -изилдөө институтунда жүргүзүлөт.
[[Категория:Медицина]] ▼
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
▲== Колдонулган адабияттар ==
▲[[Категория:Дарыгерлик]]
▲[[Категория:Медицина]]
|